Кыргызстанда январь -май айында айыл чарба продукциясын экспорттоо 15 миллиард 75,4 миллион сомду түздү же 36 пайызга өстү. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, 2 миллиард 608 миллион сомго мал чарба продукциялары экспорттолду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп. Ал эми өсүмдүк продукциясынын экспорту 5 миллиард 758,8 миллион сомду түздү же 2021-жылга салыштырмалуу 34,7 пайызга көп. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукциясынын экспорту болсо 6 миллиард 708,6 миллион сомду түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 14,1 пайызга көтөрүлдү.