Кооперативдерге алданган жарандардын акчасы камакка алынган мүлк аркылуу кайтарылат. Бул тууралуу ИИМ министри Уланбек Ниязбеков журналисттер менен жолугушууда билдирди. 

«Ихсан», «S-LINE» кооперативине көп жарандар алданып калды. Эки кооперативдин жетекчилеринин мүлктөрү, эсептери жана кооперативдин эсептери соттун чечими менен камакка алынган. Соттун чечими менен жабырлануучулардын баарына ошол эсептен акча кайтарылып берилет», — деди Ниязбеков.

13-июлда «Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин төрайымы кармалып, келтирилген зыяндын көлөмү 121 миллион сомдон ашык суммага бааланган.

Ага чейин, 15-мартта  «S-LINE» турак-жай кооперативинин жетекчиси катары таанымал Бакыт Аалиев  ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга шектелип кармалган.