"Дөө Чыңгыз" каймана аты менен таанымал кримчөйрөнүн өкүлү Жумагулов Чыңгыздын кармалышы коомчулуктун бейпил келечекке болгон ишенимин бекемдеткендей болду. 

Кыргызстан эгемендүүлүгүн колуна алган алгач жылдарда өлкөдө билинбеген менен "каралардын" жазган "мыйзамы" орногон. Уюшкан кылмыштуу топтор көбөйүп, алардын өкүлдөрү абройлуу, кадыр-барктуу адамдарга айланышкан. Алардын мыйзамсыз аракеттерине даттанууга жөнөкөй жарандар дааган эмес. Анткени, өлкөдө жогоруда айткандай чыныгы мыйзам эмес, "каралар мыйзамы" ээлеп турган. Бийликтин ар бир бутагында алардын жандоочусу, коштоочусу жана калкалоочусу жетиштүү эле. 

Камчыбек Ташиевдин УКМКнын жетекчилигине келиши мындай аракеттердин жолун бууду. Биринин артынан экинчи кримчөйрө өкүлдөрү кармалып, алардан жабыркаган жарандардын укугун коргоо кадамдары чечкиндүү ишке аша баштады. Эми келечектен кабатыр албасак болот, анткени, чыныгы мыйзам иштей баштады. Ал ар бир жарандын укугун  коргойт!

УКМКнын төрагасы өлкөнү мыйзамдын темирдей муштумунда кармоо ниетин 2020-жылы, парламенттик шайлоо өнөктүгү учурунда эле айткан. "Элдики элге, ууруларды кустурабыз", - деген убадасын калың эл кубануу менен кабыл алган эле. Убакыт өтүп, убада аткарыла баштады. 

Мамлекетти, калкты тоногон коррупционерлерге, мыйзамсыз аракеттери менен элдин жүрөк үшүн алган "караларга" аео болбойт. Камчыбек Ташиевдин бүгүнкү аракеттери так ушуну билдирип турат!