Элдик дарыгер Ташбү Жамилова төрөттөн кийин семирип кетпөөнүн жолун айтып берди:

- Кымча бел келиндерибиздин көпчүлүгү төрөттөн кийин толуп кетет. Себеби эмнеде? Төрөттөн кийинки диетаны сакташ керек. Уул төрөгөн аял ысык тамактан алысыраак болгону жакшы. Кыз төрөгөн аял бир аз ысык тамак аралаштырып жеген жакшы. Бизде, түштүктө кызы биринчи баласын төрөгөндө сөзсүз апасы 40 күн багат. Баланы кантип караарын, эмизээрин, кандай тамакты жээрин апасы көзөмөлдөйт.Туура эмес тамактануудан  төрөгөн аялга жел турат. Себепсиз семирет. Кайра арыкташ үчүн эмнени гана кылышпайт.

Төрөгөн аял:

** Өтө куурулган;

** Өтө туздуу;

** Данектүү;

** Майлуу, чучук, сыр, колбаса;

** Газдалган суу;

** Кымыз, бозо;

** Өтө таттуу шириндиктер;

** Койдун,эчкинин, индуктун ,айрыкча жылкынын эти;

**Сары май, сүт;

**Сүрсүгөн эт;

**Куурдак, самсы, шашлык жебеш керек. Муздак суу ичүүгө болбойт. 

Төрөгөн аял өтө ысык нерсе ичсе, баласынын оозу оюлат. Суук нерсе жесе, ичсе, аялдын тишине суук тиет, баласынын ичи өтөт. Жок дегенде 2 ай, кээ бирлери 6 ай. Жаңы төрөгөн аял  төрөлгөн жаш бала кандай назик болсо ошондой назик болуп калат. Жеңил тамак жеп, акырындап тамакка аралашып кетиши керек.