Министрлер Кабинетинин бүгүн, 14-июлда өтүп жаткан кеңейтилген жыйынында президент Садыр Жапаров Баткен облусунун губернатору Абдикарим Алимбаевге кайрылды. 

"Баткендин тагдыры - Кыргызстандын тагдырына тете. Баткендин ар бир жаранын өзүңүз кабыл алып, маселесин угуп, дароо жеринде чечип берип туруңуз. Бюрократизм болбосун. Буга катуу көңүл буруңуз. Биз гана өзүңүз эмес, ушундай эле талап акимдерге, айыл өкмөт башчыларына ж.б. мамлекеттик мекемелерге да коюлушу керек. Сиз алардан талап кылыңыз. Дайыма элге жакын болушсун. Бюрократияга жол бербегиле", - деди мамлекет башчы. 

Ал ушул эле талапты башка облус жетекчилерине да жолдоду. Жетекчилер элге жакын болушу керектигин белгиледи.