14-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 47 учуру катталган.

Анын ичинде:

- 40 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан;
- 7 адамда өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда аныкталган.

Аныкталгандардын ичинен 7 адам COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн.

Амбулатордук дарыланууда — 46 адам, ооруканада жаткандар — 1.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 329 учуру катталган, адам өлүмү 1,5% түздү.

2022-жылдын 6 ай 13 күнүндө COVID-19дун 16 581 учуру аныкталды.

Анын ичинде лабораториялык түрдө 14 587 (87,9%) жана 1994 (12,1%) учур – клиникалык-эпидемиологиялык (белгилерин жана ооруну жугузгандар менен байланыштарын эске алуу менен) ырасталган.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун оор кесепеттеринен сактаңыз.