ИИМдин Тергөө кызматы "Ихсан групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына карата "Алдамчылык" жана "Аманатка берилген мүлктү ыйгарып алуу же ээлеп алуу" беренелери боюнча кылмыш иштерин иликтөөдө. Анын алкагында аталган кооперативдин директорлор кеңешинин төрайымы кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, ушул жылдын март айынын башынан бери "Ихсан Групп ЛТД" кооперативине кирген жарандардан республиканын бардык аймактарынан көптөгөн кайрылуулар түшкөн.

Түзүлгөн келишимдердин негизинде кыргызстандыктар 4% жана 7% кирүү акысын, ошондой эле сатып алынуучу мүлктүн наркынын 25%, 35% жана 50% баштапкы төлөмдөрдү төлөшкөн. Кооперативдин мүчөлөрү ушул күнгө чейин турак-жай, автомашина ала элек. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчасын кайтара алышпай жүрүшөт.

Келтирилген чыгым 121 миллион 313 миң 950 сомду түзгөн. "Ихсан групп ЛТД" ЖЧКсынын жетекчилиги анын чыгымын кайтарып берген эмес.