Кыргызстанда беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилээрин Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, чечим 8-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңешинин кезектеги отурумунда кабыл алынды.
Жыйында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баяндама жасап, доклад кеңеш мүчөлөрү тарабынан жактырылды.
Жолугушууда илим тармагын реформалоо, өлкөдөгү илимий изилдөөлөрдүн санын жогорулатып, сапатына басым жасоого багытталган конкреттүү чечимдер кабыл алынды.
Жыйынтыгында Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берүү чечим кабыл алынды. Алар:
- Кыргыз улуттук университети;
- Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
- Кыргыз агрардык академиясы;
- Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
- Ош мамлекеттик университети.
Ал эми Кыргыз экономикалык университетине (КЭУ) "илимий изилдөө университети" макамы ыйгарылат. Улуттук илимдер академиясы на болсо жогорку окуу жайлар менен интеграцияланып, илимий изилдөө иш-чараларын жүргүзөт, тагыраагы, ЖОЖдордо илимий изилдөөнү жүргүзүүгө өзгөчө басым жасалат. Мындан ары илим тармагын бир гана Билим берүү жана илим министрлиги жөндөйт.