Твитттердин колдонуучусунун жазганына караганда, бүгүн эртең менен саат 07:44 чамасында Бишкектин көчөлөрүнүн биринде жумушуна бараткан аялга белгисиз эркек кол салган.
"Эркек аялды чачынан кармап биздин короого киргизген. Аял кыйкырып, бошонууга аракеттенгенде сабап кирген. Алгач көчөдөн өтүп бараткан адамдар алардын урушун жубайлардын урушу катары кабыл алып, кийлигишүүгө дааган эмес. Бир канча убакыттан кийин аларды бирин-экин киши ажыраткан. Аял өзүн жоготуп койгондуктан, окуя тууралуу жарытылуу айтып бере алган эмес, киши менен тааныш эместигин гана айткан. А киши "Мага аял бергиле, мага аял керек", - деп кайталаган.
Зомбулукка туш болгон аял нес абалында болгондуктан, милиция чакырууну да ойлонгон жок. Үйүнө кетти. Киши да өз жолу менен кеткен. Бирок окуя муну менен аягына чыккан жок. Ал киши менин кошунамдын квартиранттар жашаган короосуна кирип, эшиги ачык турган бөлмөдө уктап жаткан кызга күч колдонгон. Кыздын бир туугандары аны кубалап чыгышкан", - деп жазган колдонуучу.
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы аталган окуя 5-июлда орун алганын билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Черепка көчөсүндө болгон. Ыкчам тергөө тобу барганда 37 жаштагы аял арыз жазган. Кол салган адам милиция бөлүмүнө жеткирилип, агрессивдүү болуп, каршылык көрсөткөнү үчүн Тез жардам чакыртылып, психиатриялык диспансерге жөнөтүлгөн.