2021-жылдын 24-октябрынан бери Хожент шаарындагы СИЗОдо камакта жаткан Айдарбек Хайдаров "Азаттыкка" абактан бошотулганын билдирген. Айтымында, аны менен кошо Тажикстандын абактарында кармалып турган 10 кыргыз жараны да бошотулган. Алардын баары Кыргызстанга кайтып келишти. 

Кармалгандар чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген жүйө менен ар кайсы убакта кармалышкан болчу.