Кыргыз Эл аристи Марат Алышпаев ушул жылдын 4-апрелинде, 75 жашында дүйнөдөн өткөн эле. "Акыркы көч" тасмасындагы ролу үчүн эл аралык сыйлыкка татыганын режиссер Дастан Жапар билдирди.
Маалыматка караганда, Россиянын Псков шаарында өткөн "Батыш дарбазалары" эл аралык фестивалында "Акыркы көч" тасмасы калыстардын атайын сыйлыгына ээ болгон. Ал эми баш каармандын ролун жогорку деңгээлде аткарганы үчүн Марат Алышпаевге диплом ыйгарылды.
"Тасмабыз жана актерубуз сыйлыкка татыганына, өзгөчө Марат Алышпаевге сыйлык бергенине абдан кубанып жатабыз. Актер көзү өтүп кеткенден кийин алганы өкүнүчтүү", - дейт Дастан Жапар.