Милиция кызматкерлери тарабынан өткөн жылдын август айынан тартып ушул жылдын февралына чейин зордукталып жүргөн 13 жаштагы кызды колдоо иретинде акча топтоо демилеси башталган болчу. Демилгени көтөргөн телеалыпбаруучу Эркин Рыскулбеков учурда 700 миңдей сом топтолгонун билдирди. 

Ал белгилегендей, 682 миң 876 сом банктагы эсепке которулган. Анын 50 миңи кыздын атасына берилген. Ал эми калган сумманы кыздын атына эсеп ачышып, ошол жакка которушат. 

Дагы Америкадагы кыргыздар акча чогултуп башташты. Ал сумма дагы кыздын эсебине которулат. Бул акчага уюштуручулар кызды жакшы мектептердин бирине кирип окутууну ойлонуштуруп жатышат.