Бүгүн айрым маалымат каражаттары президент Садыр Жапаровдун ооруканада жүргөнүн жазып чыгышкан. Мындан улам мамлекет башчысынын ден соолугуна байланышкан божомолдор айтылган. 

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы пландуу профилактикалык текшерүүдөн өткөнүн билдирди. Айтымында, президенттин ден соолугу жакшы.