Бүгүн, 6-июлда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев Кара-Көл шаарынын эли менен жолугушту. 

Жолугушууда Кара-Көл эли бир катар маселелерди көтөрдү. Негизинен, элдин көйгөйү жөлөкпулга, пенсияга, шаар абалына байланыштуу болууда. 

Майып баланын жалгыз бой энеси баласын интернатка жайгаштыра албай жатканын айтса, төрт баланын энеси аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кепилдик киреше миң сом гана экенин белгиледи. Дагы бир тургун Кара-Көл шаар статусун алып жүргөнү менен айылдан айырмасы жоктугун, көчөлөрдүн абалы эң жаман экенин, шаар жетекчилиги иштемиш түр көрсөткөнү менен бир кадам дагы алдыга жылуу жоктугун айтты. Токтогул ГЭСинде иштеген жаран ГЭСте иштеп жүрүп мамлекеттен батир алганын, бирок 11 жылдан бери аны менчиктештире албай, балдарга тастыктама алуу, медициналык мекемеге каттоого тургузуу сыяктуу жагдайларда маселе жаралып жатканын билдирди. Дагы бир тургун Кара-Көлдүн тургундары Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздаган беш ГЭСтин куруучулары экенин белгилеп, бирок азыр гидрокуруучу ардагерлердин абалы абдан начар экенин айтты. 

"Кыргызстандын бюджетинен жол жана башка социалдык маселелерди чечүүгө акча бөлүнөт. Сиздер айткан ар бир маселе көңүл сыртында калбайт. Бала бакчаларды, мектептерди курушубуз керек. 500 миң бала бала бакчада орун жоктугунан бара албай жатат. Биз мамлекетти өнүктүрүү максатында иштеп жатабыз", - деди Бакыт Төрөбаев. 

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары айрым маселелерди, мисалы үйлөрдүн менчиктештире албай жаткандардын көйгөйлөрүн жеринде чечип берүүгө аракет кылды. Шаардын ошол жааттагы кызматтын жетекчилерин көйгөйүн айткан тургундарга жолугушуу учурунда жолуктурду.