Акылбек Жапаров билим берүү жаатында реформа жүргүзүү пландалып жатканын айтты. Алардын бири мектеп директорлоруна байланышкан, көп жылдан бери бир ордунда отурган директорлор ротацияга туш келишет.
"Жакынкы арада Министрлер Кабинети мектеп жетекчилерин аттестациядан өткөрүүчү документке кол коет. Инновациялык жөндөмгө ээ болгон директорлор гана ордунда калышат. 20-30 жылдан бери иштеп келаткан мектеп директорлоруна ротация жүргүзүлөт. Өнүккөн өлкөлөрдө мектеп директорлору 5-6 жыл иштешет. Алар эгер кесипкөй болушса, иштей беришсин. Биз ушундай механизмдерди карап жатабыз", - деди Министрлер Кабинетинин төрагасы.