Маалымат жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров массалык маалымат каражаттарына нааразычылыгын билдирди. Айтымында, маалымат каражаттарына чыккан терс өңүттөгү кабарлар өлкөнүн туризмин өнүктүрүүгө тоскоолдук болуп жатат. 

"Грузия туризм жаатын өнүктүрүү менен бутуна турду. Алар туризмди өлкөдөгү жаман көрүнүштөрдү ачыкка чыгарбоо менен алдыга жылдыра алышты. А бизде жалаң гана кылмыштарды жарыяламай адатка айланды. Мына, 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча орус тилдүү сайттар жазып чыгышты эле, аларды көп өлкөнүн тургундары окуйт, быйыл жаш балдары менен келчү туристтердин көбү бизден баш тартып, башка мамлекеттерди тандап алышты", - деди Акылбек Жапаров. 

Ал массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн мындай иштерди жазбай эле коюуну суранды. 

"Азаттыктын" өкүлү Кубат Оторбаев жазбай коюу менен маселе чечилип кетпестигин айтты. Ал ИИМ, укук коргоо жаатында реформа болбой жатканын, адам укугу, жаш балдардын укугу тебелене берсе, журналисттер унчукпай отурушса деле, 6 миллион элдин ар биринде телефон бардыгын, демек, баарынын оозун жабуу мүмкүн эместигин белгиледи. 

"Сиз каржы, салык маселелери менен бошобой жаткандырсыз. Бирок ИИМдеги реформа боюнча кандай пикирдесиз? Бул жаатта эч кандай реформа болбой жатат", - деди Кубат Оторбаев. 

Акылбек Жапаров бул боюнча иш чаралар жүрүп жатканын, жыл соңуна чейин өлкөдөгү 2400 шайлоо участогунун ар биринде аймактык милиция бөлүмдөрү ачылаарын, адам укугун коргоо башкы орунга чыгаарын билдирди.