"Менин он тогуздагы кызым менен анын жыйырма экидеги баласы биздин жаш кезибизди ойноп, сүйлөшүп жүрүп, урушуп кеткенибизди көрсөтүштү. Анан биз чыгып, кайра табышканыбызды көрсөтүп, бийледик"... Бир окуган кишиге бул кинотасманын сценарийинен үзүндүдөй сезилет. Бирок бул жаш кезинде арзышып, бирок бири-бирин таппай калып, далай жылдан кийин гана баш кошкондордун тою жөнүндө. Уйлөнүү үлпөтү...

Тойдо толкунданып, сүйүнүчтөн жашка муунуп олтурдук дегендер болду...

Ошто 50 жаштагы Чолпон Оморбекова менен 57 жаштагы Юрий Югай 1-июль күнү баш кошуп, жомоктогудай үлпөт той өткөрүштү. Түгөйлөр алгач жаш кезинде жолугуп, бирок тагдыр экөөнү эки жолго салган экен. Арадан ондогон жылдар өтүп, бүгүн жаш жубайлар болуп отурган чагы.

Кесиби боюнча дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Чолпон Оморбекова Би-Би-Сиге маек куруп, сезимдери менен бөлүштү.

Би-Би-Си: Куш бооңуздар бек болсун! Кандай сезимдер болууда?

Чолпон Оморбекова: 27 жыл мурун мен төртүнчү курсту бүткөндө, Ошко практикага баргам. Юрий анда жандандыруу бөлүмүндө бөлүм башчы болуп иштечү. Биз ал бөлүмгө практикант болуп бардык эле. Ошол жерден жолугуп, бири-бирибизди жакшы көрүп калганбыз. Ошентип, экөөбүз 3-4 жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк.

Анын улуту корей болгону үчүн, башка улут деп ата-энем жакшы кабыл алган жок. Ага карабай, мен үйдөн качып кетип сүйлөшүп жүрдүм. Айтор, каршылыктар көп болду. Анын да өзүнүн себептери болду, меники дагы, ошентип экөөбүз эки жолго түшүп, баш кошпой калдык. Ал дайынсыз кетти. Бирок биз бири-бирибизди аябай жакшы көрчүбүз.

Би-Би-Си: Ошондон бери күтүп жүрдүңүзбү?

Чолпон Оморбекова: Мунун айынан мен аябай катуу стресске түшүп, кыйналдым. Мындан улам турмушка кечирээк 30 жашымда чыктым. Сүйүү болбосо, турмуш деле болбойт дегендей, жакшы болбой калды. Андан бир уул, бир кызым бар. Бирок аны менен бир ажырашып, бир жараша бергендиктен, токтотууга туура келди. Бул убактарда менин соцтармактагы баракчаларыма Юрий кирип карап коюп турчу. Мен да анын баракчаларын көрүп, баары жакшы эле жүрөт, бактылуу окшойт деп ойлочумун. Ал деле ошол ойдо жүргөн экен.

Анан акыркы бир-эки айда түш көрө баштадым. Карасам эле, Юрий менин туугандарым менен отурат. Анан мен дароо соцтармактан жазууну чечтим. "Кандайсың? Жашооң жакшы элеби?" деп жаздым. Көрсө, анын аялы 2004-жылы кайтыш болуп кетип, ошондон бери эле жалгыз экен. Анан кайра табышып, сүйлөшүп калдык.

Жолукканда, дароо үйлөнөбүз деген маселени койду. Мен деле жок деген жокмун.

Би-Би-Си: Экөөңөрдүн үйлөнүү тууралуу чечимиңерди жакындарыңыз, балдарыңыз кандай кабыл алышты?

Чолпон Оморбекова: Бул кишини, экөөбүздүн сүйүү баяныбызды баары билишчү. Апама айтсам, биринчи каршы болду. "Кой, уят! Эл эмне дейт? Сен кайра-кайра тийип-чыга бересиңби? Балдарың чоңоюп калды…",-деп айтты. Бирок мен ал убакта өзү чечимди кабыл алып койгом да. Экөөбүз табышып эле, Түркияга эс алууга барганбыз. Ал жактан мага шакек салган. Анан мен артка жол жок деп туруп, чечимди кабыл алып анан келгем бул жакка. Ага чейин экөөбүз сүйлөшүп жүргөндө, мен атайын балдарымды отургузуп алып, баарын айткам. Кызым 19га чыгып калды, ал дароо "Апа, сен ушунча жыл бактысыз болуп жүрдүң. Биз кетебиз. Сен өзүңдү ойло, элди ойлосоңуз, жүрө бересиз…" деди. Ошентип, балдарым каршы болгон жок. Азыр Юрий менен мамилелери абдан жакшы, балдарым аны жакшы көрүшөт, негизи ал абдан жакшы киши да.

Би-Би-Си: Тойдо кадимкидей үлпөт бийин бийлептирсиздер. Эл тоюңуздарды кандай кабыл алды?

Чолпон Оморбекова: Тойго келгендердин көбүнчөсү толкунданып отурдук деп жатышат. Сүйгөндөрүнө жетпей калгандар аябай жаман болушту. Жаш кездеги сүйүүлөрүн эстеп, ал эмес  мен мурунку сүйүүмдү издеп баштадым дегендер болду. Той аябай жакшы маанайда өттү. Азыркыга чейин чалып, той сонун болду деп жатышат. Мен ойлогом да, тойдон сүрөт же видео таркап кетсе, мени аябай сөз кылышат го дегем. "Бул Чолпон дагы турмушка чыгып жатат" деп айтышат го десем, тескерисинче болду.

Кыргызда эми менталитет бар эмеспи. Алып качып кетсе, кетип калсаң да жаман, калышың керек. Ажырашып кетип, кайра турмушка чыксаң да жаман көрүшөт. Мен дагы кайра сүйлөшүп баштаганда, буга тием деп ойлогон эмесмин. Бирок жолукканда, баягы жаш кездеги сезимдер ойгонуп, кайра жаш кезибиздегидей болуп эле жүрөбүз азыр. Сүйүү адамды жашартат деген сөз бекеринен эмес экен көрсө. Ошондуктан, баш кошуу сунушун дароо кабыл алдым.

Би-Би-Си: Арзышып жүргөн жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?

Чолпон Оморбекова: Билбейм эми. Күрөшүш керек окшойт. Мен азыр Юрийге "Эмнеге сен мени ушунча жыл издеген жоксуң?" деп айта берем. Бул болсо, "а сен эмнеге издебедиң" дейт. Ошентип бири-бирибизди тамашалай беребиз. Мен мунун баары жогору жактан жазылган деп билем. Ушул күнү, ушул саатта дегендей… Эгер мындан эрте жолуксак, бирге болбой калат белек, ким билет. Андыктан, бардыгы өз убактысында болду деп ойлойм.

Жаштарга айтарым, эгер чындап жакшы көргөн болсо, аракет кылып, эч нерсеге карабай,  үйлөнүш керек. Мен деле 50гө чыгып алып, кайра тийип жатпаймынбы, апамдын каршы болгонуна карабай. Бирок эми апам кийинчерээк мурда башка улут деп баш коштурбай койгонуна өкүнүп, бул ирет тандоомду колдоп, батасын берди. Азыр жолдошумдун туугандар менен мамилеси жакшы. Юрий өзү мүнөзү ачык-айрым, бардыгы менен тил табыша алган адам болгондуктан, туугандарга эле эмес, сүйлөшкөн ар бир кишиге жагып кала берет.

Би-Би-Си: Тоюңуздар эмнеси менен өзгөчө болду?

Чолпон Оморбекова: Азыр экөөбүз дагы аягына чейин ишене албай, кантип биз бирге болуп калдык деп жүргөн чагыбыз. Тойдун эртеси күнү эле, жолдошум мага "чын эле ушул биз менен болуп жатабы" деп калды, мен да ага ушуну айттым. Башында тойго 20-30 эле адамды чакырабыз деп пландадык эле. Анан "тиги таарынып калат, бул калып калат" деп жатып, 100дөй киши болуп кетти. Ошентип, чакырчу кишилерибизди дайындап алып, тойдун форматын аныктадык. Баягы накта кыргызча той болуп, конвертин көтөрүп алып, чыгып сүйлөй берген форматтан арылалы дедик. Залдын жасалгасынан тарта программага чейин бүт ойлонуп, өзгөчө кылалы дедик. Чыгып сүйлөмөйдү жок кылып, жалаң оюн-күлкү, конкурстар, ыр-бий менен кылдык. Бир ай бою күндө жолугуп, даярдык көрдүк.

Сценарий түзүп, менин он тогуздагы кызым менен анын жыйырма экидеги баласы биздин жаш кезибизди ойноп, сүйлөшүп жүрүп, урушуп кеткенибизди көрсөтүштү. Анан биз чыгып, кайра табышканыбызды көрсөтүп, бийледик. Анан экөөбүздүн балдарыбыз чыгып каалоо-тилектерин айтышты. Башка зериктирген, кызыксыз эч нерсе болгон жок. Баарына жагыптыр. "Кылымдын тою" деп айтып жатышат.

Би-Би-Си: Жаңы түптөлгөн үй-бүлөнүн алдында кандай пландар болуп жатат?

Чолпон Оморбекова: Биз эми жаш эмеспиз. Экөөбүз тең бутубузга туруп калганбыз. Үй-жайыбыз бар. Азыр биринчи суроо – кимдикинде жашайбыз деген болуп жатат. Мен Бишкекке кетемби же ал Ошко келеби, муну чечип жатабыз.

Бир кызык окуяны айта кетейинби? "ЗАГСка» чыгабыз деп калдык. Курбуларым "50гө чыгып алып да ЗАГСка бармак белең? Койчу…" деп күлүштү. Бирок мен болбой эле машиналарга отуруп алып, бардык. Азыр ошондо тартылган видеолорду карасам, андай деле айырмачылык жок. Жаштардай эле барыптырбыз. Кайра жашарып, жакшы көрүнүп калдык. Анан ушундан улам айткым келет да, жашым өтүп кетти деп өзүңөрдү чектебегиле. Канча жашта болсоңор да, бактыңар үчүн күрөшкүлө.

Биз Чолпон Умарова менен сүйлөшүп жатканда, анын жолдошу Юрий Югай да жанында экен. Би-Би-Си аны да кепке тартты.

Би-Би-Си: Юрий мырза, айтсаңыз, ошондо чын эле сиз эмнеге Чолпонду издебей койгонсуз? (тамашалап сурадык)

Юрий Югай: Эми, эмне десем… Адам баласы пландайт экен, Кудай баарын ордуна коёт экен. Мен 18 жылдан бери жесил болуп жүрдүм. Чолпон да ажырашып кеткен. Жолугарым менен, биздин убакыт көп эмес экенин билип, дароо үйлөнүүнү чечтим.

Жөн эле баш кошуп албай, бардыгы расмий түрдө болуусун кааладым.

Би-Би-Си: Чолпон айым сизге түш көрүп, жазбаса, өзүңүз жазбай жүрө бермексизби?

Юрий Югай: Экөөбүздүн урушуп кеткенибизге көбүрөөк мен күнөөлүү болгонум үчүн ага жазууга такыр даай алган жокмун. Бирок бат-баттан баракчаларына кирип, сүрөттөрүн карап, алыстан байкап турчумун. Анын үстүнө менсиз деле бактылуу го деп ойлочумун. Анан жазары менен дароо телефонун сурап, чалайын дедим. Видеочалуу кылганыбыз өзүнчө кызык. Чалсам, дубалдын сүрөтү турат. Чолпон кадрда жок. Мага аябай кызык болуп, аны көргүм келип жаткан. Чолпон деле корксо керек, чоң ата болуп калды бул, кандай болуп калды экен деп (күлүп), болбосо мен жакшынакай эле болчумун. Ошентип, экөөбүз сүйлөшүп баштадык. Мен иш сапар менен Кызыл-Кыяга бармай болуп калдым. Албетте, жолдон Ошко кирип, Чолпонго жолуктум. Ошондо биз Түркияга барып келүүнү чечтик. Эркек катары баарын өз колума алып, ал жактан сүйүү баянын тартып, тойдун датасын белгиледик.

Би-Би-Си: Убакыт бөлгөнүңүздөр үчүн чоң рахмат! Бактылуу болуңуздар!

Би-Би-Си Кыргыз кызматы