Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи туру 1-июлда өттү, ага катышып, бирок утушка ээ болбогон билеттер жарактуу бойдон калат жана экинчи турга катыша алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, лотереянын биринчи турунда утушка ээ болбогон катышуучулардын билеттери кийинки этабына катышуу укугун сактап калат. Экинчи тур ушул жылдын 1-октябрында өтөт.
Лотереяга катышуу үчүн «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, ККМдин кассалык чектерин сканерден өткөрүңүз.
Экинчи турга 2022-жылдын 1-июлунан 30-сентябрына чейин катталган кассалык чектер, ошондой эле биринчи турда ыйгарылып, утушка ээ болбой калган ID номерлер катышат.