Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыдан дайындалган президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду өкүлчүлүктүк аппаратына тааныштырды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти. 

Министрлер кабинетинин башчысы Нарында башталган ири долбоорлорду жаңы жетекчи улантып ишке ашырат деп үмүт артты.

Мындан сырткары, Акылбек Жапаров өлкөдө ишке ашып жаткан демилгелерге токтолуп, стабилдүүлүк болсо өнүгүү болот деди. Экологияны буза турган долбоорлорго жол бербейбиз, бирок келечек үчүн кендерди иштетишибиз керек деп кошумчалады.

Эске салсак, облустун мурунку башчысы Сабыркул Ашимбаев башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.