Баткенде ишкерди коркутуп, акча опузалаганга шектелгендер кармалды. Мындай маалыматты Баткен ОИИБи таратты.
Маалыматка караганда, 29-июнда Баткендин Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын Х.М., аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 27-июнда Умар аттуу жаран ишкерлик менен алектенгендиги үчүн айына 500 доллардан берүүсүн талап кылып, коркуткандыгын билдирген.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүндө (“Опузалап акча талап кылуу”) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен иш козголгон.
Ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүү катары Кадамжай районунун 36 жаштагы А.А., жана мурда соттолгон 36 жаштагы А.А., аттуу тургундар кармалган.
Шектүү жарандар айылдардын биринде 16 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалышкан. Шектүүлөр Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.