КР Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып жаткан көзөмөл-кассалык аппараттарды орнотуу иши боюнча пикирин билдирди:

- Көзөмөл-кассалык аппараттын иштешин ар бирибиз талап кылышыбыз керек.

Салык мыйзамдарын так жана туура сактоо, салык төлөө маданияттуулугуна жетишүү, аны күнүмдүк жашоо  турмушта көнүмүшкө айландыруу - бул мамлекеттин экономикасынын эле өсүшүнө эмес, укуктук мамлекетти курууга, мыйзамды сыйлоого үйрөнүүгө, мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө да чоң салымын кошот. Ошондуктан, бардык соода түйүндөрүндө көзөмөл-кассалык аппараттардын (ККА) болушун жана туура иштешин талап кылуу мамлекетте жашаган ар бир граждандын милдети.

“Украинадагы согушка каршымын. Токтоткула”, - деп жолго жатып алган Ө.Токтонасыровго окшогон пикетчилер “ККАсы жок иштеген соода түйүндөрүнүн болушуна каршымын. Салык мыйзамдарын бузгандар катуу жазалансын!”- деп пикетке чыгышып, жолго жатып алса биринчи кезекте өзүнө, экинчи жалпы мамлекетине тийгизген пайдасы чоң кызмат кылган болмок. Чечмелесем, салык мыйзамдары толук иштесе, соода түйүндөрүндөгү каржылык айлануулар толук ачык көрсөтүлө баштаса, мамлекеттеги коррупция азаймак, казынага түшкөн каражат көбөймөк. Жалпы элдин жашоо турмушу жогоруламак, Ө.Токтоназыровдун алган пенсиясы да жогоруламак.

ККАнын толук жайылып ар бир соода түйүндөрүндө иштей башташына ириде кимдер каршы экенинен эки эле мисал келтирейин. Биринчи кезекте майда соодагерлер эмес өтө чоң каражат айландырган “оптобиктер” аталышкан соода түйүндүн ээлери каршы болушууда. Алар бажыдан жашырып алып өтүшкөн товарларынын изин жашырууда майда соода түйүндөрүн пайдаланышып бажы салыгы төлөнбөгөн товарларын таратып келишкен. ККАнын ишке кириши товар кайдан келгенин көрсөтөт. Ошентип тигил “оптовиктин” былыгы чыгып калат. Анан эмне кылуу керек? Майда соода түйүндөрүнүн соодагерлеринин “колтугуна суу бүркүп” “ККА ишке кирсе товар кымбаттайт. Биз силерге каалагандай товар бере албай калабыз”- деген сыяктуу шылтоолорду айтып массалык каршылыктарды жаратууга аракеттенишүүдө.

Дагы бир кашкайган чындыкты айта кетүү керек. ККАнын ишке кирип толук иштей башташына салык чогултуучулардын төмөнкө катмарында иштеген, соода түйүндөрүн кыдырып салык чогултуучулар да тымызын катуу каршылык көрсөтүүдө. Себеби патент берүү сыяктуу майда салык чогултуу бул коррупциянын уюгуна айланган. Ал тармакта иштегендер айлык маянанын төмөн экенине карабастан буга чейин тааныштан-тааныш салып андай ишке араң оруношоорун бүт барыбыз билебиз. Анткени 50 түйүндөн салык чогултса 20сы мамлекетке 30у чөнтөкө кетип жүргөнү ачык эмеспи. ККАнын ишке кириши менен алар күн сайын сол чөнтөккө түшүүчү шабашканы кой ишсиз калышат.

Америкалыктарда “Салыктан өлүп кана кутуласың”- деген макал бар. Францияда бир мезгилдерде салыкчылар ар бир үйдү кыдырып, кымбат буюмдарга, сүрөтчүлөр тарткан кымбат көркөм сүрөттөргө чейин салык салган учурлары болгон. Бүгүнкү күндө бардык өнүккөн мамлекеттерде салык мыйзамдары туура жүргөн саат сыяктуу так иштейт жана аны бузам же каршы чыгам деш ал мамлекетте жашаган жарандардын оюна да келбейт. Бажы төлмүн, салык төлөмүн жашырууга аркеттенүү, мыйзамдарды бузуу бул керек болсо мамлекеттик чыккынчылык катары каралышы керек.

Айлык маяналарды, жөлөк пулдарды, пенсияларды көбөйткүлө!? Бааларды кымбаттатпагыла!? Дейбиз да бирок “Салык төлөбөйбүз, ККАга каршыбыз”- деп чуулдап көчөгө чыккандарга, так ошол бааларды ашыкча кымбаттатып элдин жон терисин сыйыргандарга бир сөз кайтарып айтпай, бизге тиешелери жокчо кылтыйып карап отурабыз. Мамлекеттик бийлик катуу тизгиндебесе соодагерлер бүгүн бааларды асмандын башына жеткисмек. Анан “Тигине Казакстанды, Өзбекстанды, Россияны карагыла бизде деле баалар ошондой”- деп коюшмак.

Соода түйүндөрүнө киргенде ККАсы жоктордон “Көзөмөл-кассалык аппараттарыңар эмнеге жок. Мен сиздерден жасаган соодамдын салыгы мамлекетке кетпей калды го. 1 сом болсо да мен мамлекетимдин казынасына өз үлүшүмдү, кошумчамды кошкум келет.”-деп айтпайбыз. Талап кылбайбыз. ККАны бардык соода түйүндөрүнө киргизүүгө мамлекет бүт аракетин жүргүзүп жатканын көрүп турсак да эмне себептен жапырт колдоого албайбыз. Мына ушул суроолорго жооп издейличи?

Бүгүнкү күндө мамлекетибиздин бардык тармагында реформалар жүрүп жатат. Жаңылануу эч убакта жеңил өтпөйт. Оор карама-каршылыктар менен өтөт. Бирок жыйынтыгында мамлекетин экономикасы, элдин жашоо турмушу оңолот. Ошондуктан “Силер иштегиле, жасагыла биз карап туралы”- дебестен барыбыз жапа тырмак реформаларды колдоого алышыбыз керек. Ошондо ийгиликтерге бат жетебиз. Келечек муунга ар тараптан өсүп-өнгөн мамлекетти мурастайбыз.