Поликлиникалар борбор калаанын 12 районунда ачылат. Алар коронавирус аныкталып, бирок оору белгилери билинбей же жеңил түрүндө өтүп жаткан бейтаптардын саламаттыгын көзөмөлдөшөт жана аларга амбулатордук түрдө же үйдөн медициналык жардам көрсөтүшөт.
Эгерде ооруган адамдын абалы оор катары бааланса, аны дароо адистештирилген ооруканага жөнөтүшөт.
Ал эми Германияда COVID-19 илдетинин кескин өсүшүнөн кооптонушууда. Германиянын башкы вирусологу эгерде чара көрбөй койсо, анда немис компанияларында кызматкерлердин иш калтыруусу көп болорун эскертүүдө.
"Чынында, биз жаңы учурлардын санынын экспоненциалдуу өсүшүн көрүп жатабыз", - деп эскертет Charité берлиндик университеттик клиникасынын вирусология бөлүмүнүн жетекчиси Кристиан Дростен (Christian Drosten).
Ал эске салгандай, омикрон варианты - BA.5 тиби - өтө жугуштуу жана ошол эле учурда адамдарда акыркы эмдөөнүн натыйжасында алынган коронавируска каршы иммунитет жоголот. "Бирок жалпысынан алганда, 2021-жылга караганда бир топ азыраак бейтаптар катуу ооруп, өлүмгө учурашат", - деп эсептейт дарыгер. Анын айтымында, ал жылдын аягына чейин адамдар пандемия бүттү деген пикирге ээ болоруна ишенбейт.
Эң начар дегенде процесс “дагы бир нече кышка созулушу” мүмкүн.
Ал арада, январь айында Дростен Германия бир жылдын ичинде пандемия аяктаганын жарыялай алат деген үмүтүн билдирген. Вирусолог узакка созулган ковидден сактануу үчүн мүмкүн болсо инфекциядан сак болууну сунуштады. "Бирок, тилекке каршы, узак мөөнөттүү келечекте инфекцияны жугузуудан качуу мүмкүн эмес. Ошол эле учурда былжырлуу иммунитет акырындык менен калыптанууда, бул жамааттык иммунитетти кыйла туруктуу кылат деп ойлойм", - деп баса белгиледи ал.
Бир жагынан алганда, вирусолог вирус да өнүгүп жатканын эске салат. "Мен кайсы бир учурда жаңы тең салмактуулук орнойт деп ишенем: эмдөө жана инфекцияны жуктуруунун натыйжасында жамааттык иммунитет акыры ушунчалык күчтүү болуп, вирус патогендүүлүгүн жоготот", - деген ою менен бөлүшкөн Дростен эң жаман дегенде вирус эндемикалык болуп, тактап айтканда, эч кайда жоголбой, бирок көзөмөлдө болсо, процесс “дагы бир нече кышка созулушу” мүмкүн деген божомолун билдирди.