Президент Садыр Жапаров кол койсо, жакында Кыргызстанда казинолор мыйзамдуу түрдө иштеп баштайт. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Садыр Жапаров эмнеге ушундай кадамга барып жатышканын кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде экономикага кошумча булак табууга аракет катары түшүндүргөн. 

Мамлекет башчы мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабастан ушул убакта дагы көмүскө казинолор иштеп жатканын жана анда кыргызстандыктар ойной турганын белгилеген. 

"Демек, бул процессти мамлекет өз көзөмөлүнө алып, көмүскө каржы булактарын мамлекеттин казынасына түшө турган кылып, ошол эле мезгилде бүгүнкү күндө көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандарыбызды ал казинолордон куткарып алуу милдети турат. Эртең мамлекет казинолорду мыйзам чегинде, ачык эле ачып койсок, көмүскө казинолор дароо жок болот. Албетте, бүгүн көмүскө казинолорго барып жаткан биздин жарандардын барчу жери калбайт. Ал эми бүгүнкү кабыл алынган мыйзамдын негизинде кыргыз жарандары казиного киргенге катуу тыюу салынат. Буга биз мамлекет тараптан толук кепилдик бере алабыз", - деди президент. 

Ошондой эле, казиного лицензия миллиондогон долларга бааланарын жана ага чет өлкөлүк ири байлар келээрин, алардан түшкөн акча өлкөдөгү социалдык маселелерди чечүүгө, айлык акы жана пенсияларды көбөйтүүгө коротулаарын белгилеген. 

Бирок президент ынанымдуу жооп айтып, кыргызстандыктардын кумар оюнуна кирбешине кепилдик берип жатканына карабай, коомчулукка бул боюнча тескери түшүнүктү калыптандырууга аракет жасагандар бар. Алар казинолор мыйзамдашса эле кыргызстандыктар массалык түрдө кумар оюнуна берилип кетчүдөй түр көрсөтүшүүдө. 

Генерал Артур Медетбеков Министрлер Кабинети бул боюнча элге түшүндүрүү иштерин жакшылап жүргүзсө, каршы болуп жаткандар ал оюнан кайтат деп эсептейт.

"Мен кумаркананы арам дегенге кошула албайм. Бизде тамеки жана спирт ичимдиктерин чыгарган заводдор бар. Алардан түшкөн салыктар бюджетке түшөт. Бюджетке түшкөн каражат пенсия, пособиеге жана айлык маянага бөлүнөт.

Эгер арак дагы арам болсо, анда аракты өндүргөн заводдорду да жабыш керек деген маселе жаралат. Бирок бюджетке салым кошуп, элди иш менен камсыз кылган заводдорду арам деп жаба берсек, салык жыйноо, бюджетти толтуруу кыйынга туруп калат.

Эмнегедир кумаркана маселеси чоң саясатка айланып кетти. Бири бирине каршы тукуруп, коомчулуктун башын айлантканды токтотушубуз керек", - деген Артур Медетбеков "Назарньюс" маалымат агенттигине берген маегинде.