Казинону мыйзамдаштырууга багытталган мыйзам долбоору ушул жумада Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Эми президент кол койсо, казино биздин өлкөдө мыйзамдуу иштеп баштайт. Бирок мыйзам долбооруна ылайык, ага кыргызстандыктар киргизилбейт. Президент Садыр Жапаров бул өлкөнүн экономикасын көтөрүү максатында жасалып жатканын билдирди.
Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев казино ачылса эле элдин баары кумарпоз болуп кетет деген ойдон алыс болуу керек деп эсептейт.
"Казино мыйзамдуу түрдө дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө иштеп жатат. Бизде да бир убактарда иштеген. Кийин жабылды деп айтылганы менен таптакыр токтоп калган жок. Жашыруун жайларда иштөөнү улантышты. Ал жерге кыргызстандыктар кенен-кесири кире алышат. Ошондуктан, казинону мыйзамдаштырып, аны менен катар кыргызстандыктардын кирүүсүнө тыюу салуу аракети туура болду деп ойлойм.
Ал эми каршы болуп жаткандар "бөйрөктөн шыйрак чыгарып" жатышат. Анда, ошончолук адалдыкка ыктасак аракты да чыгарууну, сатууну, ичүүнү токтотуп коелу. Орусча айтканда, "запретный плод сладок". Канчалык тыйып, жашырган сайын ага баргысы келгендер көбөйөт. Мен мисалы, өмүрүмдө казиного барган эмесмин. Мен сыяктуу кумар оюндарынан алыс адамдар көп. Аларга эшикти кенен ачып койсоң да кызыгы жок. Ал эми кумар оюндарына ышкысы бар адамдар тууралуу кеп болсо, жогоруда айткандай, биздин өлкөнүн жарандары киргизилбейт. Бул боюнча президент өзү да катуу убада берди. "Бир да кыргызстандыктын буту ал жайды аттабайт" деди.
Казиного тоталитардык мамлекеттерде тыюу салынат. Биз демократиялык мамлекетпиз. Казинонун экономикага тийгизген пайдасын айтсак - ойногонго келчүлөр такси жалдашат, тамактанышат, мейманканага түнөшөт. Буга кеткен каражаттардын баары Кыргызстанда калат. Андан тышкары ири өлчөмдөгү салык түшөт. Ошондой эле, казиного бир гана криминал келет дегенден алыс болушубуз керек. Аны белгилүү бизнесмендер да ойношот. Алар келип балким, Кыргызстанды байкаштырат, бул жакка бизнесин ачышат", - деди Бакыт Бакетаев.