Казино, кумар оюндарына тешелүү мыйзамды түз айтканда маани- маңызын билип, бир карап окуп көрбөгөндөр талкуулап жатышат. Ал мыйзамда кашкайып жазылып турат. “Казиного кыргыз жарандыгы барлар киргизилбейт”,- деп. Казиного кирип ойногонду кой, кыргыз атуулдарына ал имараттын эшигинен аттап ичине кирүүгө болбойт. “Ичинде эмне болуп жатты экен, көрүп эле чыгайынчы”, - десең да киргизбейт. Мыйзам талабы ушундай. Так ушинтип кыпкыргызча жазылып турса деле түшүнбөй “Казино ачылса эле баарыбыз кумарпоз болуп кетебиз. Кумарга үй - жайыбыздан бери уттуруп тентип калабыз”, - дегендерге түшүнө албайм. Ойногонду кой, ичине баш бага албасаң кайдан жүрүп үй - жайыңды уттурасың? Кайдан жүрүп эле кыргыз аттуунун баары кумарпоз болуп кетебиз? Деги эле “мыйзам талабын сактоо” деген сөзгө түшүнөбүзбү?
Чынымды айтайын ушул “Кумар оюндары” дегенден түшүнүгүм начар. Өзүм жанагы шарик тегереткен, карта тараткан оюндар өткөрүлгөн жайларды телевизор менен кинолордон эле көрбөсөм, ойногонду кой, ичине кирип карап да көргөн жан эмесмин. 2011- жылга чейин Кыргызстанда деле кеңири ойнотулаарын, ким каалаган кирип ойноорун укчумун, чет өлкөгө деле көп чыктым, бирок казино дегениңе кибегем. Кумар оюнун кой, азарт оюндарына деле кызыкпайм. Теңтуштарым жок дегенде айына бир жолу чогулуп таң аткыча бильярд ойношот. Мен ага да барбайм. “Ошого кеткен убакытыма бир китеп окуп же бир аңгеме жазып алганым артык эмеспи”- деп жүрүп ушундай болуп калсам керек. Ошондуктан жанагы “Элдин баары кумарпоз болуп кетишет”- дегенге эч түшүнбөйм. Кумарканалардын эшигин ачып койсо деле бирин-экин кумарпоздор чыгышы мүмкүн, бирок элдин баары кумарга берилип кетишет деген туура эмес го деп ойлой берем. Барыбыз кумарпоз болуп кеткидей ар бирибизди кежигеден алып казиного сүйрөп барып кумарпоз болгуча эч ким зордоп ойнотпойт да. .
Динге аралаштырып, “Кумар оюну арам”- дегендерге бир притчаны айткым келет. Иса пайгамбар келатса эл дүпүрөп чогулуп бир аялды байлап коюп “Таш бараңга алып өлтүрөбүз”,- деп жатышкан экен. “Эмне күнөө кылды”,- деп сураса “Бул өтө чоң күнөө шуркуялык кылды”,- дешет. Ошондо Иса пайгамбар “Оор күнөө кылыптыр. Бирок ичиңерде ким "Жараткан Кудай алдында эч күнөө кылган эмесмин. Таптазамын. Эгер күнөөмдү жашырып, күнөө кылган эмесмин деп колума таш алсам ушул аялдын бүт күнөөсү мага өтсүн”,- деп туруп ошондой такыбаң таш аткыла да андан кийин аялды баарылап жазалай бергиле”,- дептир. Ошондо чогулгандардын эч кимиси биринчи болуп таш ыргыта албай жалдырап турушуп тарап кетишкен экен. Пайгамбар “Мындан ары күнөө кылбай такыба жашаганга аракет кыл”,- деп тигил аялды бошотуп жибериптир.
Бүгүн биз дин түшүнүгүндөгү адал менен арам дегендин аралашып калган доорунда жашап жатабыз. Кийген киймибизден баштап ичке тамагыбызга, түшкөн машинабыздан баштап сүйлөшкөн телефонубузга, басып-турган жерибизге, соода түйүндөрүбүзгө чейин адал-арамы аралаш. Эртең менен тургандан кечке чейин ар түрлүү дин түшүнүгүндөгү адамдар менен аралашып сүйлөшүп, мамлелешип, маршуруткаларга түртүшүп түшүп, жанаша отуруп, кыскасы аралаш жашоо өткөзүп келатабыз. Кайсыл бир нерсени “Арам” же “Адал”- деп айтыштан мурда көздү чоңураак ачып, мээни иштетип ойлонсок жогорку Иса пайгамбар айткан притчадагыдай оозубуздан келмебиз түшөт. Ичибизден таза такыбабыз табылбайт. Жанагы “Казино арам” –деп кыйкыргандар айткылачы? Арам аралашпаган адал эмне бар? Кана кимиң айта аласың кайсыл бир аалымды. “Таптаза. Такыба. Жараткан Кудай алдында эч күнөөсү жок”, - деп. Ошондуктан Кыргыздар “Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр” деген. Бул жагын тереңдетип сөз козгосок аалымдардын ичинен да арамга аралашып, кымырып ичип жеп келгенин “кусуп” жатат го акмын деген “атаманы”. Тактап айтуунун кажети барбы?
Макул, мыйзам кабыл алынды. Казино казынага очойгон каражат алып келген, канча бир жумушчу орунду түзгөн, өлкөгө туристтерди тарткан тармак экен. Чуу түшүштөн мурда “Иштесин. Көрөлү”,- десек кантет. Ачылсын. Иштесин. Аңдыйлы. Текшерели. Керек болсо атайлап жанына 100-200 доллар салып “Ушуну эшик тосконго берип, ичине кирип чыкчы?”- деп “тыңчы” жөнөтөлү. Эгер эле ошол жиберген тыңчыбыз казиного кирип чыкса, ичине кирип “Мына, мен кирдим. Ичинде каалаганымды жасап, ойнойм десем ойноп, тайраңдап жүрөм”, - деп баарын телефонуна тартып чыкса, ошондо чуу чыгаралы. “Акылбек Үсөнбекович мына “Кыргызстанда мыйзам иштебейт”- десек ишенген жок элеңиз. Ушунчаңда жап. Бул ишиң болбой калды”,- дейли. Эмнеге эле али эч нерсе боло электе чуу түшөбүз?
“Казиного каршымын” – деп кыйкыргандардын көбүнүн кылыгы эптеп эле шылтоо таап, бийликке асылып, ишине тоскоол болуп, коррупционерлердин, мамлекеттин байлыгын, элдин ырыскысын талап - тоногондордун кекиртегине сөөк болуп сайылган бүгүнкү бийликтип кетирип, кутулуп, баягы элдин канын соруп, ичип-жеп жыргап жашаган жашоого кайтууга жасалган аракетке окшоп калып жатат. Ушуга жулунгандар ар нерсе айтып карапайым элдин башын айландырууда. Буга ал түгүл чоң каражат жумшалып, жалдангандар иштеп жатканын да угуудабыз. “Бир ит көрүп үрөт. Бир ит көрбөй үрөт”- дегендей айрымдар аларды түшүнүп-түшүнбөй эле ээрчип алышууда. Мамлекеттин экономикасынын өстүрүп, элдин жашоосунун оңдоп, өзүбүздө ишкана, өнөр жайларды көбөйтүп, жумушчу орундарды түзүп, сырткы карыздардан кутулуп, өз алдынча күчтүү мамлекетке айланып, сыртка иш издеп тентиген уул-кыздарыбызды мекенге кайтаруу үчүн жандалбастап иштөө аракети аларды кызыктырбайт шекилдүү. Болбосо астыда убакыт бар го.
Жасоо, куруу, иштетүү, кыйын. Талкалап, бузуп жаптырып, токтотуп коюш опоңой иш экенин 30 жылда жакшы эле билип калдык го. Мыйзам сакталбаса, иштебей бузула баштаса чуу чыгарганга машыкканбыз го. Ошондуктан “Иштесин. Анан көрөлү!?” дегенибиз туура болот го дейм.