Айтканы айткандай аткарылып, төлгөсү төп келген, алган аянын жакшылыкка жооруган  Нуриза апа менен баарлашып, кыргыз саясатындагы айрым жагдайлар боюнча баарлаштык.

- Нуриза апа, касиети күчтүү, мазар баскан, элге ынтымак, жерибизге тынчтык каалаган адамсыз. Акыркы мезгилдеги алган аяндарыңыз тууралуу айтып бериңизчи...

- Акыркы жолу Кут карыя тууралуу аян алдым. Ал “кетем” деп, таарынып атыптыр. Мен “Кыргызстандан кетпеңизчи” деп жалдырап ыйлап жатыптырмын. Касиеттүү адамдар 7 облуска ынтымак отун жагып, элди ынтымакка чакырып, Кут карыяны алып калышыбыз керек.

Кут карыя биринчи жолу түшүмө киргенде “кийим алам” деп дүкөнгө кирипмин. Көйнөк тандап атсам эле “сен да дүйнөгө азгырылдыңбы, дүйнө дебе” деп атыптыр. Артымды карасам сакалы жайкалган Кут карыя туруптур. Эшикте солдаттардай арык тизилген  адамдар туруптур. Көрсө, алар арбак экен. Алар бир эле бутун көтөрдү. Кудай сактай көр деп ойгондум. Мен аян алгандан көп өтпөй Таласта, Суусамырда катуу жер титирөө болду.  Кечээ жакында Кут карыя тууралуу аян алгандан бери жеримде тынчтык, элимде  ынтымак болсун деп бассам, турсам Кудайдан  тилеп атам. Ынтымакка келбей ыркыраша берсек, баарынан куру калабызбы деп кооптонуп атам. Себеби, Ынтымак Ата, Бак Ата, Ырыс Ата жетелешип чогуу жүрөт. Кыйынчылыкка чыдабай ыркырашпай биригип, кыргыз деген улутубуздун жүзүн таза сактап, акылыбызга келип, ынтымакка келишибиз керек. Антпесек кыйынчылыкка кептелебиз. Эл ынтымакка келсе, Кут карыя Кыргызстанда калат. Элибизде тынчтык, жергебизде молчулук болот.

- Нуриза апа, айрымдар “эки айдан кийин бийлик алмашат”- деген божомолдорду айтып жатышат. Ишенсек болобу?

- Мен “бийлик алмашса эле Кыргызстан өнүгүп, өсүп кетет”- деген ойдон алысмын. Бийлик алмашса, Кыргызстандан кут кетет. Мамлекеттер арасында кадыр баркыбыз жоголот. Элдин башынан шор кетпей калат. Ошон үчүн бир ууч топтун кызыкчылыгын эмес, элдин эртеңин ойлошубуз керек. Бийликти жеп ичкендерден тазалап, капчыгын кампайтам менен убара болгондордон арылуу зарыл.

- Азыр деле жеп-ичкендер барбы?

- “Май кармаган бармагын жалаптыр” болуп, ыгын таап жей салайын дегендер, капчыгын кампайтууну адат кыла баштагандар бар. Ошон үчүн президент кадрларын элекке салып, жаманын кетирип, жүрөгү, дили таза кадрларды кызматка тартышы керек. Жанындагыларды тазаласа, элдин толкундоосун алдын алып, бийлик алмаштырам деген күчтөрдүн мизин кайтарат.

- Коомдо нааразычылык жаралгыдай президент элдин ишенимин актай албай жатабы?

- Элдин ишенимин актай албай жатат дегенден алысмын. Колунан келишинче жан талашып эле иштеп жатат. “Элге берген убадаларымды аткарайын”- дегенде эки көзү төрт. Бирок, кадр тандоо жагынан жаңылып жатабы же ага жанындагылар туура эмес маалымат берип жатабы айтор, айрым учурда туура эмес кадрлар тандалып жатат. Байкасаңар бийликке нааразы болгондордун көбү туура эмес тандалган кадрларды сындап жатышат. Эгер Садыр Нуркожоевич бийлигин сактап калам десе, туура эмес кеңеш берип, ич ара тирешти курчутууга аракет кылган, үч жээкте ойногон  кеңешчилеринен, ага сунуш бергендерден арылып, кадрларды алмаштырышы керек. Болбосо ошолордун жаманаттысы президенттин ишине көлөкө тийгизе берет.

- Айрымдар Камчыбек Ташиевди кызматтан кетирүүнү самап жатышат го. Ал кызматтан кетип калышы мүмкүнбү?

- Мага түшкөн аяндарга караганда Ташиев кызматтан кетпейт. Аны сындап, каралагандар болгону менен аны карапайым эл жакшы көрөт. Камчыбек Ташиевди Манас атанын арбагы колдойт. Ал кызматтан кетпейт. Кетсе кийин  Садыр Жапаров менен бир кетет. Ага чейин аны кызматтан кетиребиз деп убара болбой эле коюшканы оң.

- Акылбек Жапаров менен Тенгиз Бөлтүрүк мамлекет үчүн иштеп жатат деп ишенсек болобу?

- Менин да алар мамлекет үчүн иштеп жатат дегенге ишенгим келет. Бирок, “май кармаган бармагын жалаптыр” болуп эле кетпесе экен деген шектенүүм күч. Эгер булар элди алдап, капчыгын кампайтса, Акылбек Жапаров менен Теңгиз Бөлтүрүктү жакшы тагдыр күтпөйт. Оңбой калышат. Ошон үчүн жакшы иштеши керек.

- Баса, Баш прокурор Курманкул Зулушевдин кызматына көз арткандар тынчышабы?

- Курманкул Зулушевдин кызматына көз арткандар аны ордунан козгой алышпайт. Ал мактоого татыган, мыйзамдуулукту туу туткан адам. Ага карасанатайлык кылгысы келгендер өздөрү кызматы жок калат. Зулушевди кызматтан четтетебиз дегендер жаңылат. Анын зоболосу көтөрүлөт. Кыскасы, кызматы жок калбайт. Керек болсо мындан да даражалуу кызматтарды аркалайт.

- Алымкадыр Бейшеналиев не болот?

- Ушуну менен кызматтан четтейт. Үй камагына чыкканы менен кайра кызматына кайтып келе албайт.

- Эдил Байсалов кызматта узакка турабы?

- Өзү кызматта узакка турам деген ойдо. Бирок, күтүлбөгөн жерден кызматтан түшүп калышы мүмкүн деген дагы аяндар келип жатат.

- Мамлекеттик катчы кандай иштеп  жатат?

- Жакшы эле иштегенсип атат. Бирок, көп иштерге аралашып алды, “абалдын курчушуна да салым кошуп коюшу мүмкүн” деген белгилер келип жатат. Эмнеси болсо да жакшылыктан үмүт үзбөйлү. Жараткан мамлекетибизди бүтүн кылып, элибизди эркиндигинен айырбасын. Мамлекетибизге чыккынчылык кылгандардан өзү сактасын. Жергебизде тынчтык. Мамлекетибизде ынтымак болсун.

Чынайым Кутманалиева

Р.S. Балдардын жүрөгүн көтөртөм, баламды кекечтиктен сакайтам дегендер болсо, 0559 743 774 телефону аркылуу Нуриза апага кайрылса болот.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити