Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Бексултан Назарбаев алтын медаль алды. Ал 82 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашкан. Күмүш медаль 130 кг категориядагы Арлан Манатбековго тийди. Ал эми 97 кг.га чейинки категорияда күрөшкөн Данияр Шеримбеков дагы күмүш медалга ээ болду.
Ошону менен грек-рим күрөшүндөгү кыргызстандык балбандар дагы 4 медаль алышты.
Ал эми бүгүн, 25-июнда медаль үчүн сегиз кыргызстандык балбан күч сынашат. Алардын арасында 59 кг салмакка чейинки категориядагы Сезим Жуманазарова, 68 кг категориядагы Мээрим Жуманазарова жана 76 кг категориядагы Айпери Медет кызы бар.