- Турсунбек агай, Курманкул Зулушевдин башпрокурорлук кызматка кайрадан киришкени туура болдубу?

- Курманкул Зулушевдин башпрокурорлук кызматка киришкени туура кадам болду. Анын кызматынан убактылуу четтетилишин коомчулук деле туура көргөн эмес. Анткени, Зулушев өзүнүн кызматын так аткарган, ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган адам. Ошондой эле сот, депутат болуп иштеген, тармакты ичинен түшүнгөн, мыйзамдын тилин билген, күч структураларында иштеген, кандай мезгил болбосун мыйзамды жогору койгон, адилеттүү чечим кабыл алган күчтүү адис. Мындай адамдардын жооптуу кызматта иштегени мамлекет үчүн да пайдалуу.

- Ал буга чейин кандай иштеди?

- Албетте, ал башпрокурорлук кызматка киришкени, көп жакшы иштерди жасады. Прокуратуранын ролун көтөрдү. Жарандык коом, өкмөттүк эмес уюмдар менен бирге иштеп, том-том болгон кодекстерди өзгөртүп чыкты. Ошондой эле Конституциянын кабыл алынышына чоң салымын кошту. Кыскасы, Курманкул Токторалиевич азыркы бийликтин барандуу, белдүү, мамлекеттик чоң даражадагы инсандардын бири. Мындан ары да жакшы иштеп, ишинен жакшы жыйынтык чыгарат деп ойлойм.

- Баса, “мыйзамсыз иштер менен алектенди” деп камакка алынган Алымкадыр Бейшеналиевдин үй камагына чыкканы туура эле болдубу?

- Алымкадыр Бейшеналиев боюнча эч нерсе айта албайм. Ал тууралуу маалыматым жок. Негизи эле адамды камоого каршымын. Укук коргоо органдар камоону максат кылбашы керек. Камаса орто жолдон чыгарып жибербей, акырына чейин камап, жоопко тартыш керек. Анткени, бүгүн камалып, эртеси күнү эркиндикке чыгып жаткандар бийликке көлөкө түшүрүп жатат.

Булак: “Майдан.kg” гезити