Өткөн жумада республикабыздын шоу дүйнөсүндө көпчүлүктүн көңүлүн бурган, ошол эле учурда толук маалымат берилбеген бир окуя болду. Ал белгилүү америкалык актёр, мушташ боюнча көптөгөн кинолорго тартылган атактуу Стивен Сигалдын Бишкекке келип-кетиши болду. Албетте, бул кино жылдызы бир нече жыл мурда да, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына сыйлуу конок катары чакырылып, Чолпон-Атага келген болчу. Анда аны ошол учурдагы бийликтегилер чакырган болчу.
Бирок бул ирет Сигалды ким Бишкекке алып келгендиги белгисиз болуп калды. Мамлекет тарабынан чакырылды дейин десек, эч кандай деле жок дегенде өлкө масштабындагы маданий иш чара өткөн жок.
Көрсө, бул ирет америкалык конок Кыргызстанга тойго келген экен. Анткени айрым маалымат каражаттары экс-депутат Азамат Арапбаев 18-июнда «Клёновый лист» гольф-клубунда уулу Данияр Арапбаевдин үйлөнүү тоюн өткөрүп, эки жаштын баш кошуу салтанатына Стивен Сигал да катышкандыгын жазышты.
Тойду өткөрүү үчүн атайын чоң чатыр жасалып, орусиялык шоумен жана артист Валдис Пельш алып барганы маалым болду.
Үлпөт тойдо америкалык актёр Стивен Сигал жана ырчы Ингрид да конок болгону сүрөт, видеолору менен интернетке чыкты.
Тойго өлкөнүн жогорку кызматтарды ээлеген аткаминерлери менен бизнесмендер да чакырылган. Бирок кимдер экенин так айтылган эмес.
Азамат Арапбаев — Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын эң бай депутаттарынын бири. 2019-жылы ал 33 млн 922 миң сом киреше тапкан. Ал эми 2020-жылы экс-депутаттын жеке кирешеси, декларацияга ылайык, 54 млн 405 миң сомду түзгөн.
Арапбаевдин кирешесинин жалпы суммасы эки жылда 88,3 млн сомдү түзгөн. Бул убакыт аралыгында депутаттын туугандары 198 млн сом киреше көрүшкөн.
Айтор, кыргыздын байлары балдарынын үйлөнүү үлпөтүнө океандын ары жагынан белгилүү жылдыздарды чакырууну модага айландырып атышкан тура...
Булак: “Майдан.kg” гезити