Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов мектеп окуучуларына граната ыргытканды үйрөтүү керек деген сунушун жолдоду. 

Ал ар кандай кырдаал болуп кетиши мүмкүндүгүн белгилеп, ага даяр туруу үчүн орто мектептердин 10-11-классынын окуучуларына курал колдонууну, граната ыргытууну үйрөтүү зарылдыгын айтты. 

"Мектептерге дин сабагы эмнеге киргизилип жатканын түшүнгөн жокмун. Андан көрө 10-11-класстын окуучуларына таштарды граната сыяктуу кылып ыргытып үйрөтүш керек. Коргоо министрлиги мектептер менен иштешип, сабакка автоматтарды алып барып, атканды үйрөтүп, кайра алып кетип турушса. Чек араны бекемдөө керек, ага азыртан балдарды үйрөтүү зарыл. Болбосо көп эле жаштарыбыз чыр чыкканда чет өлкөгө чыгып кетип, басылганда келебиз дегенди өздөштүрүп алышыптыр", - деди депутат.