Казинолорду кайра ачуу тууралуу демилге эл арасында ар кандай пикирлерди жаратып, талаш-тартыштарды жаратып келүүдө. Аны колдогондор да, каршы чыккандар да бар. Эми бул мыйзам долбоорун депутаттар чечмекчи. Ушул жумада Жогорку Кеңештин бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинде казино жана кумар оюндарын легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору каралды.
Депутат Дастан Бекешевдин айтуусунда, аталган комитет экинчи жана үчүнчү окууда мыйзам долбоорун жактырган.
“Бул мыйзам долбоору эки окууда жактырылды. Бирок мен каршы добушумду бердим. Аталган мыйзам долбоору онлайн казинолордун ачылышына, кумар оюндарын күнү-түнү жарнамалоого уруксат берет”, – деди ал.
Аталган мыйзам долбоору эми парламент жыйынында каралып, добуш берүүгө коюлат.
Эске салсак, 2021-жылы апрель айында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Ысык-Көл облусунун аймагында кумар оюндарын ойнотууга уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган. Бул коомчулукта талкуу жаратып, Ак үйдүн алдында бир нече адам долбоорго каршы пикирин билдирип митингге чыгышкан.
Сунушталган мыйзамга ылайык, "Тамчы" аэропортунун алдындагы 1200 гектар жерге эс алуучу жай, мейманканасы менен казинолорду курууга мүмкүндүк берилет. Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча, кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүүлөр киргизилбейт.
Долбоор кумарканаларды аталган 1200 гектарлык аянтта гана ачууга уруксат берип, өлкөнүн башка аймактарында иштебейт.
Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган. Демилгечи Турусбековдун айтымында, мыйзам өлкө экономикасынын киреше бөлүгүн көбөйтүү жана туризм тармагын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.
Булак: “Майдан.kg” гезити