Акыркы кезде айрым журналисттер же башка кесиптин эле ээлери блогер болушуп, коомубуздагы көйгөйлүү, сенсациялуу маселелерди чагылдырышууда. Албетте, алардын арасында чындап эле эл менен мамлекетке пайдалуу көйгөйдү көтөрүп, пайдалуу иш жасагандары да, айрым учурда чымынды төөдөй кылып көргөзүп, жок жерден бирөөгө айып таккандары да жок эмес. Биз билгенден блогерликтин мынчалык популярдуу болуп кетишинин себеби – кээ бир эл аралык уюмдар кайсы бир өздөрүн кызыктырган теманы чагылдыргандыгы үчүн грант беришсе, ошол эле учурда интернетте кайсы бир санда көрүүчү же жазылуучу топтогон учурда, акча төлөнө баштайт экен.

Ал эми баткендик  блогер кыз Гүлдесте Калматова Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсүнө ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү заманбап автоунааны белекке берип, көпчүлүгүбүздү таң калтырды.

Гүлдесте Калматова Айдаркен шаарында жашайт жана DESTE Official ютуб каналынын жетекчиси. Ал өз каражатына сатып алган “Жигули” автоунаасын милиция бөлүмүнө тапшыруу салтанатында Айдаркен шаарынын аймагында коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милиция кызматкерлеринин аткарган иштери натыйжалуу экендигин, ошондой эле өзгөчө кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү, сапаттуу жана так аткаргандыгына абдан ыраазы экендигин да жашырган жок.

Ал эми өз кезегинде Кадамжай РИИБсынын жетекчилиги тарабынан милицияга колдоо көрсөткөн жеке ишкер-блогерге Ыраазычылык каты тапшырылды.

Белгилей  кетүүчү жагдай, тоолуу аймакта жайгашкан Р.Нийматов  атындагы Айдаркен айылдык милиция бөлүмчөсү аймактын Бирлик жана Алга Айыл өкмөттөрүн, тактап айтканда, 27 миң 500 адамдын коопсуздугун толук кандуу камсыздайт жана коомдук тартипти бекем сактап келатат.

 

 Булак: “Майдан.kg” гезити