Активист Нуртилек Туратбек уулу Temirov Live телеканалынын ээси Болот Темиров жана анын командасы тууралуу айрым фактыларды ачыктаган видеодогу үндү "Регион ТВнын" кабарчысы Алишер Асановго таандык деп таап чыкты. Буга чейин соцтармактарга фейк аккаунттар тарабынан таратылып, сүйлөп жаткан адамдын үнү өзгөртүлгөн видеолорду дагы аталган каналга төңкөрүү аракети жасалып келген.
Нуртилек Туратбек уулунун бул боюнча так аныктамасы жок. Ал болгону Алишер Асановдун телеканалга жасаган кабарларындагы үнүн алып соцтармактарга тараган видеодогу үнгө окшоштурууга аракеттенген. "Үндүн тону менен дикциясы окшош" деген активист өзүнүн кулагына окшош угулса, башкаларга да ошондой угулушу керек дегендей таңуулоо жасаган.
"Регион ТВ" телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов бул боюнча мындай деди:
"Биздин каналдын андай нерселерге эч кандай тиешеси, кызматкерлердин дагы байланышы жок. Бул темировчулардын кезектеги калпы жана адаттагыдай эле маалыматтык манипуляциясы. Болот Темиров же анын тобундагылар наркоманбы жокпу, бузукубу же бузуку эмеспи, паспорттору өздөрүнүкүбү же бирөөнүн аскер билетине өзүнүн сүрөтүн чаптап алып, кыргыз элин алдап жүрөбү, сырткы донорлордон бир амалдап акча алып, жан баккан аферистпи же чындап эле өздөрү айткандай "коррупцияга каршы күрөшүүчүлөрбү" - аны биз билбейбиз. Антип бизди өздөрүнүн оюндарына аралаштырып, куру доомат койбоого чакырат элек".
Болот Темировго чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, жасалма документ колдонуу ж.б. бир нече кылмыш иши козголгон. Ал кылмышка шектүү болгондон кийин гана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарына таандык бизнес тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Башта козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалуу убагы иликтөө видеосу жарыялангандан кийинки учурга туш келген. Мындан улам журналист өзүн саясий куугунтукка кабылган адамдай көрсөтүп, кылган кылмыштарын "басма сөз эркиндигин муунтуу" катары көрсөтүүгө аракеттенип келет.