Дүйнөдөгү окумуштуулар жана дарыгерлер коронавирустан кийинки Multisystem Inflammatory Syndrome деп аталган көп түрдүү сезгенүү белгилерди (MIS-C) изилдешүүдө.
MIS – бул баладагы сейрек кездешүүчү, бирок өтө оор абал, ал өткөн ковид менен байланыштуу. Сезгенүү процесстери дененин ар кайсы бөлүгүндө, анын ичинде жүрөк, өпкө, бөйрөк, мээ, тери, көз жана ички органдардан башталышы мүмкүн. Бул маселе жакында эле көтөрүлө баштагандыктан, учурда бул оору менен жабыркаган балдардын так санын эч ким билбейт.
Балада оору көпчүлүк учурларда улгайган адамдарга караганда кыйла жеңил өтүп жатканына карабастан, балдарда симптомсуз коронавирустун да белгилүү кесепеттери бар. Кээ бир учурларда, алар айыккандан кийин да алты айдан соң пайда болушу мүмкүн. Бул оорудан 12 жаштан өйдө курактагы балдар көбүрөөк жабыркайт деген байкоолор бар. Бирок, мурда айтылгандай, азырынча так маалымат жок.
Балдарда ковидден кийинки көп түрдүү сезгенүү (MIS-C) көпчүлүк учурда төмөнкүдөй түрдө кездешет:
• Ич оору, ич өткөк, көңүл айнуу
• Дене табынын көтөрүлүшү
• Көкүрөктүн оорушу
• Чаалыгуу жана тез чарчоо
• Баш оору
• Уйкусуздук
• Төмөнкү кан басым
• Моюндун оорушу
• Териге жара чыгуу же түсүнүн өзгөрүшү
• Көздүн кызарышы
• Табиттин жоктугу
• Булчуңдардын жана муундардын оорушу
• Жыт жана даам сезүүнүн өзгөрүшү
MIS-C боюнча тийиштүү дарыгерлик изилдөөлөрдүн маалыматына караганда коронавирус инфекциясынан кийинки жүрөк жетишсиздиги аныкталган балдардын пайызы кыйла көп. Аларда коронардык тамырлардын кеңейүүсү, жүрөктүн кычкылтектүү канды организмдин ткандарына жөнөтүү жөндөмүнүн төмөндөшү байкалат. Айрым балдарда коронавирустан кийин миокардит пайда болгон.
Балдарда өтө көп кездешкен белгилер
Эмчек эмген балдарда “постковиддик белгилер” кыйла сейрек кездешет.
Көбүнчө мектеп окуучулары жана өспүрүмдөр же ковид менен ооругандан кийин күчөгөн өнөкөт патологиясы бар балдар коронавирустан кийинки кыйынчылыктарга туш болушат. Бул топ даам жана жыт билүүнүн бузулушунан көбүрөөк жабыркайт. Мектеп жана мектепке чейинки курактагы балдарга келсек, аларда көбүнчө иммунитет төмөндөйт.
Ковиддин оор өтүшүнүн алдын алган маанилүү нерсе – коронавирустан кийинки кыйынчылыктарды өз убагында аныктоо жана кайра калыбына келтирүү болуп саналат.
Коронавирустун орто жана өтө оор түрү менен ооруган балдарды кайра калыбына келтирүү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.
Ооруп айыккандан кийинки ковиддин кесепеттерин баалоо үчүн үй-бүлөлүк дарыгерлерге, педиатрга кайрылып, тиешелүү текшерүүдөн өтүү зарыл.
Ошондой эле коронавирустан кийин балдарды жалпы кайра калыбына келтирүү зарылдыгын эстен чыгарбоо керек. Бала ковиддин жеңил түрү менен ооруп айыккан шартта да, дарыгерлер ата-энелерге балдардын
• Жетиштүү уйкусуна
• Туура жана тең салмактуу тамактануусуна
• Күндүн жана эс алуунун режимин сактоосуна
• Физикалык активдүүлүгүнө (бассейн, дене тарбия көнүгүүлөрү, массаж) ДЫКАТ көңүл бурууну сунушташат.
Коронавирус менен ооругандан кийин активдүү физикалык көнүгүүлөрдүн башталышын жана баланын ага даярдыгын дарыгер менен талкуулоо маанилүү.
- Категория: Коом
- Просмотров: 98
Балдардагы ковидден кийинки белги кандай болот? Окумуштуулар изилдөөдө