"Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын тергөө абагында өзүнө кол салуу фактысы боюнча ошол абактын начальнигин кызматтан четтетүү керек. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешев айтып чыкты. 

Ал белгилегендей, абак жетекчиси менен кошо УКМК төрагасынын тергөө изоляторун көзөмөлдөө боюнча милдет жүктөлгөн орун басарын да кызматтан бошотуу зарыл. 

"Кылмыш ишин калыс иликтөө үчүн Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин турган тергөө тобун түзүү керек. УКМКнын абагынын тагдырын ойлонуштура турган убакыт келди, аны жоюп салса да болот. Бир жумада бул изолятордо эки өлүм болду", - деди Бекешев.