УКМК тарабынан ок атуучу куралдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жөнүндө контр-чалгындоо иш-чараларын жүрүшүндө, ок-дарылар жана жардыргыч заттар бекитилген боюнча ыкчам маалымат алынган. Анын негизинде 2022-жылдын июнь айынын башында Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагына белгисиз адамдар тарабынан жеке ишкердик менен алектенген адамдарга каракчылык жана куралдуу кол салуу үчүн арналган ок атуучу куралдар салынган баштыкты бекитип кетишкендиги аныкталган.
УКМКнын маалыматына караганда, 2022-жылдын 13-июнунда КР ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана сактоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагындагы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды.
Аталган аймакты текшерүүнүн жыйынтыгында баштыктын ичинен төмөндөгүлөр табылган:
- 1 даана (кесилген) жылмакай мылтык;
- 1 даана идентификациялык номерлери өчүрүлгөн револьвер;
- 13 даана ар түрдүү калибрдеги ок-дарылар.
Учурда тергөөнүн толуктугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.