УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге касташып, кызматтан кетирүүнүн айласын издеп жүргөндөргө, президент менен мамилесин бузууну каалагандарга "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын тергөө камак жайында өз өмүрүнө кол салганы асмандан издегендердин жерден таап бергендей болду.
Укук коргоочу Нурбек Токтакунов дагы тергөө абагында суицид болгону үчүн УКМКнын төрагасынын отставкасын талап кылып чыкты. Ал "киши өлтүрүүгө Ташиевди коркпой айыптай бергиле" деп, коомчулукка чакырык да таштай кетти.
Нурбек Токтакунов дөө-шаалардын адвокаты. Жалаң аты таанымалдардын жактоочусуна айланып, ал аркылуу өзүнүн атын жасаган адам. Укугу тебеленген жөнөкөй жарандарга көңүл бурбайт, анткени, ал орусча айтканда, "мартышкин труд". Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да жактоочусу болуп, мамлекетти кыйынчылыкка чөктүрүүгө салымын кошкон кишини актап кыйкырып келген. Эми атын чыгаруунун дагы бир жолун тапты - абактагы өз өмүрүнө кол салууну УКМКнын төрагасына байлады.
Президент Садыр Жапаров саясат таануучу Марат Казакпаев жана "Айын Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтөө боюнча комиссия түзгөн. Укук коргоочунун оюна койсо, комиссиянын ишинин жыйынтыгына жеткирбей эле, УКМКнын төрагасын кызматтан алып түшсө. Анткени, комиссиянын жыйынтыгы кандай болоору белгисиз. Ал жерде күнөөсүз жана күнөөлүүлөр аныкталат. Кокус, Камчыбек Ташиевдин айыбы жоктугу комиссия мүчөлөрү тарабынан тастыктала турган болсо, Токтакунов "максатына" жетпей, арабөк калат. Ошондуктан, "темирди кызуусунда сок" болуп, коомчулуктун кулагын көндүрүп, калпын койгулаштырып кыйкырып турганы оң.
Айрымдар "Ташиев кетсин" дегенди модага айлантып турган чакта, Токтакунов дагы "модница" болду.