Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына барды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-июнда нөшөрлөгөн жаандан улам Кызыл-Кыя шаарында сел жүрүп, 24 турак үйдүн короосун, 17 турак үйдүн ичин жана жертөлөсүн, социалдык объекттердин короолорун суу каптаган.

Учурда сел сууларынан тазалоо иштерине ӨКМден жалпы 117 куткаруучу тартылып, жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

ӨКМ министри Бообек Ажикеев шаар калкы менен жолугушуп, жергиликтүү элдин суроолоруна жооп берүү менен, тиешелүү чаралар кабыл алынгандыгын билдирди.

Табият кырсыгынан улам шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.