Экс-депутат Жылдыз Жолдошова  "мекемелер аралык комиссия түзүп, Кыргызстандагы бардык түрмөлөрдө, убактылуу жайларда жаткан жарандардын кылмыш иштерин ревизия жасап, аны менен бирге псикалык абалын текшерип чыгуу азыркы учурдун талашсыз талабы экенин" белгиледи.

18-июнга караган түнү УКМКнын тергөө абагында кармалып турган "Айыл Банк" ААКсынын төрагасынын мурдагы орун басары өзүнө кол салган. Асылган абалда табылган айыпталуучуга биринчи жардам көрсөтүлүп, Тез жардам кызматына чакырылганына карабай көз жумган. Буга байланыштуу Жылдыз Жолдошова жогорудагы сунушун жарыялады.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев экс-депутаттын сунушуна кошулаарын билдирди. Айтымында, абакта жаткандар ар кандай кыйноо же басым жасоо болбосо деле ички дүйнөсүндө оор абалга кептелип, өзүнө кол салуусу мүмкүн. 

"УКМКнын абагы шарты жана коопсуздугу жагынан башка абактардан алдыда турат. Айрым кармалгандар өздөрү УКМКнын абагына отурууну суранышаарын билебиз. Бул жерде айыпталуучулардын психикалык абалына маани беришибиз керек. Темир тордун артында чыдоо, канчалык шарт, коопсуздук болсо деле бардык адамдын колунан келе бербейт. Эрки күчтүүлөр майтарылышпайт. Бирок эрки алсыздар сынып калышат. Өздөрүн жеп, балким кылган иштерине абийир соту ойгонот. Эрки алсыздар уурулукка, коррупцияга, башка кылмыштарга барбай тынч жүрүшү керек го...  Ошондуктан, Жылдыз Жолдошованын сунушу менен комиссия түзүлүп, ага керек болсо Жылдыз Жолдошованын өзүн кошуп, абактагылардын ички дүйнөсүнүн абалына үңүлүүгө аракеттенүү керек", - деди Бакыт Бакетаев.