Депутат Шайлообек Атазовдун 18-20 жаш курактагы кыздарды чет өлкөгө чыгарбоо боюнча сунушу коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Алардын бири Айдай Масылканова аттуу колдонуучунун пикири. 

"Менин жээндерим биринчи жолу АКШга 8-12 жаш курагында кетишкен. Өздөрү жалгыз.

Бул боюнча Атазов кандай шылтоо ойлоп табат болду экен?

Сиңдилерим АКШга биринчи жолу 16 жашында кетишти. Үч билим алышты, баары артыкчылык менен. Юрист болуп иштешет, өздөрүнүн мектебинин бүтүүчүлөрүнө стипендия берүүнү уюштурушту. Атазов эмне жасады эле?..

Мен 20 жаштан ашканда эл аралык кызматкер катары иш таап кеткем, ошол убакта бул уюмдан иш тапкан бир гана Кыргызстанда эмес, жалпы КМШ өлкөлөрүнөн биринчи жаран болдум. Кыргызстандын президенттери жана башкалар менен сүйлөшүүлөргө катыштым, бул гана эмес. Атазов жана анын компаниясы 20 жаш курагында эмне кылышты экен?..

Атазов жана ага окшогондо Кыргызстандын аялдары үчүн эмне кылып койгону үчүн өздөрүн алардын кожоюну сезип жатышат?

Кыргыз эркектерин кимдер багып жатат? Ушул убакка чейин энесинин пенсиясынын эсебинен жашагандар бар.

90-жылдары ким челноктук кылган? Россияда мигрант болуп ким суукка тоңуп жүрөт? Дордойдо ден соолугун кимдер өлтүрүп жатат?

Кыргыз эркектеринин колунан эмне келет? Ал турмак Атазов сыяктуулардын оозун жабууга да кудуретсиз. Соцтармактарда сөгүнүп-сагынганды, сакал коюп, даватка чыкканды, өзүн депутат көрсөткөндү, футбол ойногонду гана билишет. Контейнер же тигүү цехин ачып коюшуп, аялдардын эмгегинин артынан оокат кылышат. Анан мал сыяктуу бирде мунун, бирде тигинин артынан ээрчип жүрө беришет.

Чыныгы эркектер саналуу гана. Жеке мен кайсы бир нерсени биздин "эркек" - аткаминерлер -чоңу болобу, майдасыбы - талкуулагандан жийиркенем. Же бир катуу мүнөзү жок же туруктуу позициясы жок. Баары кайсы жактан күн чыкса ошол жакка ийилгенге даяр. Анан өтө чоң интригандар".