УКМКнын тергөө камак жайында коррупция беренеси боюнча айыпталуучу катары кармалып турган жаран асынып алды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
"Айыл Банк" ААКнын насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы – А.Б.Р. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечиминин негизинде УКМКнын тергөө камак жайына 2022-жылдын 30-апрелинде киргизилген. Ал коррупциялык факты менен козголгон кылмыш ишинин айыпталуучусу болгон.
18-июнда түнкү саат 00:55 чамасында аталган айыпталуучу кармалган камерасында өз жанын кыйган. А.Б.Р. Аны асынып алган абалында табышкан камак жайынын кызматкерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматын чакырышкан. Тез жардам кызматынын дарыгерлери А.Б.Рдин каза болгондугун аныкташкан.
Белгилей кетсек, А.Б.Р. санитардык блокко жайгаштырылган, анын жанында дагы 3 айыпкер болгон, алар эки кишилик эки камерага бөлүнүп жайгаштырылышкан. Ошол эле учурда жунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон, бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. А.Б.Р. өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатышкан, алар дагы А.Б.Р. өз өмүрүнө кол салуу аракеттерин өз убагында алдын ала алышкан эмес.
КР УКМК ТКЖда жайгашкандан бери А.Б.Р. ден соолугунун абалына, камакта кармоонун шарттарына даттануулар болгон эмес, жактоочу айыпталуучуга ээн-эркин кирип турган, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилген.
Мындан тышкары, А.Б.Р. КР УКМК ТКЖда камакта кармоо учурунда, өз жанын кыюуга эч кандай шыктары жана жөндөмдөрү, жүрүм-турумунан байкалган эмес.
Азыркы учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.