Кыргызстанда автомектептерге 1,1 миллион сом айыппул салынганын  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын транспорттук ишмердүүлүктү жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн инспектору Мирсадык уулу Темирлан билдирди.

"Өлкө боюнча жалпы 270 автомектеп бар. Учурда  анын 193ү текшерүүдөн өттү. Биз 198 көрсөтмө берип, 44 мектепке 1 млн 185 миң сом айыппул салдык», — деди ал.