- Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков гезитке берген маегинде Садыр Жапаров 31- августта, «колуман келишинче аракетимди жасадым, эми өз ыктыярым менен отставкага кеттим» десе, анда бул тарыхый чечим болмок! Президенттин тарыхый чечимине эл муктаж" деген сыяктуу оюн айтыптыр. Бул маселе боюнча кандай коммментарий бересиз?
- Аксакалдар көсөм, даанышман, көрөгөч болгондо Бакиев да, Атамбаев да бийликке келбейт эле. Бүгүнкүдөй оор кырдаал түзүлбөйт эле. Илгери чыныгы аксакалдар көрөгөчтүгү менен журт башкарып, керек болсо өз балдарын да тыйып койчу. Азыр дүйнөдө согуш, оош-кыйыш болуп жатса, бизде бийлик талаш. Баарын токтотуп, ынтымак, консенсусга келип элдин, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө, келечегине кам көрүү, бекемдөө зарыл.