Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелеринин негизинде башкы прокурор Зулушев Курманкул Токторалыевич үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Аталган тескеме менен мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.