Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Касымалиев Адылбек Алешович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров   кол койду.

Жарлык менен анын талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашууга киргизүү жөнүндө токтом кылынат.