Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаевдин саясатчы Равшан Жээнбековдун уулун атайын кызмат чет өлкөгө чыгарбай жатканы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР УКМК билдирди.
"Азат Равшан уулунун Кыргыз Республикасынын аймагында жана аймагынан тышкары эркин жүрүүгө болгон конституциялык укугу УКМК тарабынан чектелген эмес", - деп билдирет УКМК.
Эске салсак, бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Сеидбек Атамбаев Равшан Жээнбековдун уулу Азат Жээнбеков Америкада окуй турганын, бирок өлкөдөн чыгууга чектөө киргизилгендиктен, окуусуна бара албай жатканын билдирген.
Жыйынга катышып жаткан УКМКнын өкүлү депутаттын билдирүүсү каралып, тийиштүү маалымат берилээрин убадалаган.