Саясат талдоочу Денис Бердаков кыргыз-тажик чек арасындагы түгөнбөй келаткан жаңжал туурасында пикирин билдирди.
Эске салсак, 14-июнь күнү да Булак-Башы тилкесинде Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек арачыларынын ортосунда курал колдонулган кезектеги жаңжал орун алган.
"Бул эки тарап үчүн тең кайгылуу окуя. Азыр биз Ооганстанда жана башка бир катар өлкөлөрдө абдан оор абал орун алганына күбө болуудабыз. Тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо азыр бүткүл регион үчүн приоритет болуп саналат. Ар кандай атыщуу, кагылышуулар гранатадай «жарылып» жана андан да оор кесепеттерге алып келерин эстен чыгарбоо керек. Андыктан Кыргызстан чек арачыларды эч кандай шартта курал колдонбоого чакырат. Бардык конфликттердин сценарийи, эреже болуп калгандай, бирдей. Эки топ бар. Экөө тең куралдуу жана өз аймагында экенине ишенет. Бирок ортодо курал колдонбоо боюнча келишимибиз бар.
Чек ара жаңжалдары биздин инвестициялык жагымдуулугубузга жана өлкө бюджетине терс таасирин берет. Туруктуулук жаралса инвесторлор Кыргызстанга да, Тажикстанга да келишет.
А азырынча ушул сыяктуу жаңжалдар тилекке каршы, көбөйүп жүрүп отурат. Ал үчүнчү күчтөрдүн: экстремисттердин, аймактык сепаратисттердин кызыкчылыгындагы нерсе болуп жатат.
Көпчүлүк Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүү процесси жай жүрүп жатканын айтышат. Бирок келерки жылы чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин аягына чыгарууга толук мүмкүнчүлүк бар. Бул процессти акырына жеткирүүгө Кыргызстандын чыдамкайлыгы жана саясий эрки жетет. Талаш аймактардын көбү боюнча макулдашуулар түзүлүп, комиссиялар тарабынан тастыкталды. Ооба, ар бир тараптын өзүнүн көз карашы бар жана талашка чекит коюуга татаал аймактар турат. Бул өзгөчө суусу бар калктуу конуштарга тиешелүү. Адамдар жерде жашайт, алардын да өз көз карашы бар. Бирок андай жерлер көп эмес. Көпчүлүк учурда, биз жакында чек араларды алуу үчүн тарыхый мүмкүнчүлүккө ээ болобуз. Биздин комиссиялар бул татаал процесс экенин түшүнүү менен документтердин негизинде иштешет", - деди Денис Бердаков.