2010-жылы Кыргызстандан сыртка чыгып кетип, андан соң Белоруссияга барып баш калкалаган, көп өтпөй “көзү өтүп кеткен” Даниил Урицкийдин, ой Данияр Усеновдун Бишкектин четиндеги Совет-Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен 800 метр алыстыкта 20 га жери бар. Бул тууралуу ЖК депутаты Дастан Бекешев айтып чыкты.
Эл өкүлүнүн айтымында, мурда ал жер мамлекетке караштуу болгон. Бирок Данияр Усенов Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп турганда бийлигинен пайдаланып, мыйзамсыз жолдор менен ээликтеп алган. Кызыгы, Данияр Усеновго кылмыш иши козголуп, күнөөлүү деп табылып, сыртынан 15 жылга эркинен ажыратылганына, “көзү өтүп кеткенине” карабай жердин ээси бойдон кала берүүдө.
Биз билгенден ал жерлер мамлекетке карайт. Жеке менчикке берилип, кандайдыр курулуш иштерин жүргүзүүгө болбойт. Андай болгон соң аталган 20 га жер мамлекеттин менчигине кайтарылып, жалпы элдин, шаардыктардын пайдасы үчүн иштетилсин. Данияр Урицкийден алынып, башка бирөөлөргө берилип кетпеши зарыл.
Булак: “Майдан. kg” гезити