Бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Көкүлов Гүлзат Мамытбек тууралуу маселе көтөрдү. Ал аталган айымдын алдамчылыкка катыштыгы бардыгын белгиледи.
"Эмнеге сот аны эркиндикке чыгарды? Мен ал тууралуу журналисттик иликтөө жасаган. 2020-жылы эки жаштагы баланын жүрөгүнө жасалчу операция үчүн топтолгон 5 миң долларды алып качып кеткен. Үй сатып алам деп акча чогулткан пенсионердин акчасын алып Москвага кетип калган. Кечээ аны эркиндикке чыгарышты, а бүгүн эки жакка барып, ырдап, жарнама жасап жүрөт. Бул Кыргызстан алдамчылардын өлкөсүнө айланганынын белгисиби?
Баарын алдап жатат, кооперативдер тууралуу айтып жатат. Милициянын иши жаман деп айтайын десем, дароо таарынып башташат. Муну токтотуш керек. Дагы канча кишини алдашы керек?" - деди депутат.
Эске салсак, Гүлзат Мамытбекти сот алдамчылык боюнча айыптуу деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган. Бирок ал 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынып, сот залынан бошотулган.