Кыргызстандын биринчи борбор калаасы Жалал-Абад шаары болгонун билет белеңиз? Бирок кийинчерээк саясий чечимдерден улам борбор калаа Пишпекке которулган. Мына, ошол Жалал-Абад шаарынын борбор калаа макамынан ажыраганына жакында 100 жыл болот. Буга байланыштуу өлкөнүн түштүк аймагындагы чакан, бирок жашыл, кооз шаардын тарыхына кайрылып көрдүк.

Кара-Калпак автономиялуу облусунун административдик борбору  катары бир нече калктуу пункттар - Жалал-Абад, Кочкор, Пишпек, Беловодск жана Ош сунушталган. Жыйынтыгында, Түркистан борбордук комитетинин катчысы Жусуп Абдрахманов Жалал-Абад шаарына токтолгон. Облустук ревком Абдрахмановдун чечимин колдоого алган. Бирок борборду бир аймактан экинчи аймакка көчүрүү үчүн бир топ иштерди аткаруу керек эле, мисалы, ревком, парткомду дагы башка мекемелерди көчүрүү үчүн биринчи ага ылайык имараттарды куруу зарылчылыгы жаралган. Ошондуктан, бул курулуштар аягына чыкканга чейин Ташкент шаарын административдик борбор кылып туруу тууралуу чечим чыгарылган.

1924-жылдын ноябрь айынын башталышында Ташкентте жайгашып турган облустук ревком жогорку жактан облустук аппаратты Жалал-Абад шаарына жайгаштыруу үчүн имараттарды курууга каражат сураган, бирок сметаны бекитишкен эмес. Облустук ревком “Жалал-Абадда зарыл имараттар курулганга чейин облустук уюмдарды Ош шаарына жайгаштыруу” боюнча чечим кабыл алган. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 1925-жылдын 21-25-мартында өткөн биринчи партиялык конференциясында борбор калааны Жалал-Абад шаарына көчүрүү боюнча маселе көтөрүлгөн. Ошондо Борбордук комитеттин катчысы М.Каменский: “Азыр облустун борбор калаасын Жалал-Абадга которолу деген болбойт. Мындай мүмкүнчүлүгүбүз жок. Жолдош ферганалыктар, менин айтканыма кошулушу керек, маданий борбор, чарбалык жашоонун борбору түзүлгөнгө чейин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун борбор калаасы Пишпек болсун”, - деген.

Ошентип, 1924-жылдын ноябрында РКПнын Ортоазиялык бюросу облустун убактылуу борбор калаасы катары Пишпекти бекитишкен. А облустун ревкому 1924-жылдын 25-ноябрында облустук административдик мекемелерди Пишпек шаарына көчүрүү боюнча чечим кабыл алат. Ошону менен Жалал-Абаддын колунан борбор калаага айлануу бактысы учуп кеткен.

Дегеле борбор калаа болууга бир кадам жетпей артка кайткан Жалал-Абад шаарынын тарыхы кандай? Бул суроого тарых илимдеринин профессору, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучусу Гүлнара Анарбаева жооп берди:

“Жалал-Абад Фергана облусунун экономикасына жана социалдык-маданий жашоосуна таасир этүүчү ири кыштак катары ХIX-кылымда белгилүү болгон.  Анын соодага ыңгайлуу тогуз жолдун тоомунда жайгашышы, дыйканчылыкка жагымдуу шарты, суунун молдугу калкты кызыктырып, кыштак тез эле өнүгүп кеткен.

Жалал- Абад шаарынын тарыхына кайрылсак бир топ уламыштар эл оозунда азыркы күнгө чейин айтылып келүүдө.  Алар 13 - кылымда жашап өткөн Хорезимдин баатыры Жалал-Эдиндин аты менен байланыштуу. Биринчи уламыш боюнча, Чынгызхандын армиясы Орто Азияга басып келгенде Мухаммед шахтын баласы Жалал-Эдин Афганистанга качып барып, ал жактан кол чогултуп Индикуш тоосу аркылуу  Көгарт өрөөнүнө келип, монгол баскынчыларына каршы аесуз салгылашып, көп кан төгүлүп аскерлери талкаланып, өзү кандуу согушта каза болгон.  Ал каза болгон жерде, кичине кыштак пайда болуп анын ысымынан Жалал-Абад  деп аталып калган.

Экинчи уламыш боюнча Кокон  ханынын ханы эс алып, зыярат кылып, дары сууларынан ичип туруу үчүн Аюб булактан өзүнө дача курдуруп, ал жерди көзөмөлдөөгө өзүнүн катчысы(писар) Жалал-аддинге табыштайт. Бул жерди өнүктүрүү үчүн азыркы Өзбекистандан жерсиз калган 40 үй-бүлөнү алып келип дыйканчылыкты өнүктүрүп, будай, пахта, өстүрүп жер тамдарды курушкан.  Жалал бул жерди абад кылды деп Жалал-Абад деп аташкан.

Дагы бир уламыш боюнча Кокон хандыгында жашаган аябай бай бектин колунда Жалал аттуу аябай сымбаттуу, сулуу кызматкерди  бектин жаш сулуу аялы сүйүп калат, жигитке да жагып калгандыктан алар ич ара сүйлөшүшүп, бир күнү бектин эки күлүгүн алып түн жамынып качып кетишет. Бул окуядан кабар тапкан бек желдеттерин алардын артынан кууп аялды кайтарып, ал эми Жалалды өлтүрүүгө буйрук берет да, аны өз ажалы менен өлсүн деп ээн талаа, эрме чөлгө таштап кетишет. Эмгекчил эр жүрөк жигит камыштардан алачык жасап жашап калат. Килем токуп сата баштаганда, жанына башка жактан эл көчүп келип отурукташа баштайт.

Ал эми Камолидин Гойибоевдин “Жалал-Абад” тарыхы эмгегинде төмөндөгүчө сүрөттөлөт:

 Жалал-Абад шаары Кокон хандыгы мезгилинде “Чек” кыштагы деп аталчу экен. Кокон ханы Кудаяр хан айтылуу Аюб булакка атайы келип, дары суусун ичип, зыярат кылып турчу экен. Ошондой келген учурларынын биринде Кудаяр хан Чек кыштагына  башчы кылып Жалал деген ишенген нөөкөрүн дайындап кетет. Жалал эки чылбыр бир тизгинди колго алып Чек кыштагын өркүндөтүү үчүн Кокон, Андижан жана Өзгөндөн усталарды алып келип шаарды өнүктүрүүгө мечит, чайкана, навайкана базарларды курдуруп, элдерге канал каздырып , суу чыгарып бак дарактарды эктирип, дыйканчылыкты жакшы жолго койгон”, - дейт тарыхчы.

Гүлнара Анарбаеванын айтканына таянсак, Жалал-Абадга жаңы замандын шарданы, азыркы тил менен айтканда цивилизация Пишпектен биринчи келген.

1890-1910-жылдарда шаарда болуштук кеңсе ачылып, көчөлөр тартипке келтирилген. Почта иштей баштаган. Пахта жана башка техникалык, бакча өсүмдүктөрүн жакшыртуу багытында шаарда  «Тажрыйба»  участкасы түзүлгөн. Фельдшердик бөлүм ачылган. Ал эми 1912-жылы 6 орундуу 1-оорукана иштей баштаган. 1914-жылы көпөс Журавлёв 1-жолу механикалык тегирмен курган. 1916-жылы Жалал-Абадда 1-банк ачылган, шаарга темир жол жеткирилип, 1916-жылы 1-поезд келген.

Совет бийлиги Жалал-Абаддын турмушуна 1917-жылдын 17-19-декабрында кирген.  Кыргызстан Россияга кошулгандан кийин Жалал-Абад болуштуктун, 1924-28-жылдарда Жалал-Абад округунун борбору болгон. 1927-28-жылдарда Жалал-Абад кантону уюшулуп, Айым, Жалал-Абад, Көгарт, Базар-Коргон, Майкен, Кетмен-Төбө, Кызыл-Жар, Чоң Алай, Чаткал болуштуктарын бириктирип, анын борборуна айланган.

Жалал-Абад шаарында көптөгөн белгилүү инсандар жашап, иштеген. Алар: Төрөкул Айтматов (Жалал-Абад кантонунда жер-суу реформасын жүргүзүү боюнча төрага; 1926-29), Эргеш Алиев (милициянын генералы), Кубат Жуматаев (Жалал-Абад обком комсомолунун мурдагы катчысы) жана башка 1926-жылы педтехникум ачылган.

Мына ушундай, кылымдан ашуун тарыхы бар чакан шаар өз убагында бир орус улутунун өкүлүнүн айтуусу менен борбор калаа болуудан калбаганда бүгүнкү күндө өнүккөн, өзгөчө кооз шаар болмок. Көп улуттуу аймак экенин, буга чейин орун алган улуттар аралык жаңжалды эске алганда, борбор калаага айланышы туура болмок. Ушул азыр дагы борбор калааны Жалал-Абад шаарына көчүрүү кеч эместей. Бардык мамлекеттик мекемелер, анын ичинде күч түзүмдөрү, укук коргоо органдарынын башкы кеңселери жайгашса, жети облустан көчүп баргандардын катары өсмөк. Бул өз кезегинде ар кандай улуттар аралык чырлардын, провокациялардын болуусунун алдын алат болчу.

Булак: "Майдан. kg" гезити